2023-05-19 09:50:04
САДАКАНЫН 17 ПАЙДАСЫИбну Каййим, рахимахуллах, айтат:
«Садака берүүдө көптөгөн пайдалар бар. Анын санын Аллах гана билет. Анын пайдаларынан:– Жамандыктардын зыянынан сактайт.
– Балээ-кырсыктардан алыстатат.
– Күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.
– Мал-мүлктү сактайт.
– Ырыскыны көбөйтөт.
– Жүрөктү кубантат.
– Аллахка болгон ишенимди күчөтөт жана Ал тууралуу жакшы ойдо гана болууга түрткү берет.
– Жан дүйнөнү тазартат жана аны өстүрөт.
– Адамды Аллахка жана адамдарга сүйүктүү кылат.
– Адамдын бардык айыптарын жаап жашырат.
– Өмүрдү узартат.
– Адамдардын ага дуба кылуусуна жана аны сүйүүсүнө себеп болот.
– Адамды кабыр азабынан сактайт.
– Кыямат күнү аны көлөкөлөйт.
– Аллахтын алдында ага шапаат кылат.
– Бул дүйнөдөгү жана акыреттеги кыйынчылыктарды жеңилдетет.
– Бардык жакшылык иштерди кылууга түрткү берет.
Андыктан аны оор деп санаба. Анткени садаканын пайдалары мындан дагы көп».
“Уъддат ас-Сообирин”, 254-бет
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
5.1K viewsTelepostBot, 06:50