Get Mystery Box with random crypto!

​​ НАМАЗ ОКУБАГАН АДАМГА КЫЯМАТТА ЭЧ КАНДАЙ ШЫЛТОО ЖАРДАМ БЕР | ТИЛМЕЧ

​​ НАМАЗ ОКУБАГАН АДАМГА КЫЯМАТТА ЭЧ КАНДАЙ ШЫЛТОО ЖАРДАМ БЕРБЕЙТ
 
Абдуллах ибну Жафар, радыяллаху анху, айтты:
“Саид ибну Ярбунун көзү көрбөй калганда Умар ибну аль-Хаттаб анын үйүнө зыяратка келет. Ошондо Умар ага: 
– Жума намазын жана пайгамбардын ﷺ мечитинде намаз окууну калтырбаңыз,– деп насаатын айтты. Ошондо ал: 
– Мени мечитке алып барганга эч ким жок болуп жатат,– деди. Умар ага айтты: 
– Сизди мечитке алып барганга бирөөнү таап жиберебиз. 
Кийин аны мечитке алып барганга туткундагы бир жаш баланы жиберип турду”. (“Мустадрак”, Аль-Хаким)
 
Кандай гана камкордук! Ошол учурда Саид ибну Ярбунун жашы жүзгө жакындап калган кези болчу. Ушул жашка келип калса дагы, көзү көрбөй калса дагы Умар ага: «Жума намазын жана пайгамбардын ﷺ мечитинде намаз окууну калтырбаңыз» – деп насаат кылды.
 
Эгерде Умар жүзгө чыгайын деп калган, көзү көр карыган адамга ушундай деп айтып жатса, анда күчкө толгон, ден-соолугу чың, көзү көргөн азыркы адамдарга эмне деп айтабыз?
 
Ошондуктан баарыбыз дайыма Аллахка такыбалык кылуубуз керек. Ушул күндөн баштап ниетти бекемдеп, белди бекем бууп, намаздарыбызга бекем болуп, Аллахтан гана жардам сурап туура жолго түшүүбүз керек. Кайдыгерликти жана кийин окуйм же карыганда деле жетишем деген себепсиз шылтоолорду таштап, намазды бүгүндөн баштообуз керек. Канчалаган адамдар көрүнгөн шылтоону айтып эртең-эртең деп жүрүп, ошол абалда дүйнөдөн өтүп кетишти. Канчалаган адамдар жер бетине кайра кайтып келсем, намаздан башымды көтөрмөк эмесмин деп өкүнгөн абалда кабырларда жатышат. А сизде болсо аларда жок мүмкүнчүлүк бар. Андыктан шылтоону таштаңыз, намазды бүгүндөн баштаңыз.
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech