Get Mystery Box with random crypto!

ТИЛМЕЧ

Telegram арнасының логотипі tilmech — ТИЛМЕЧ Т
Telegram арнасының логотипі tilmech — ТИЛМЕЧ
Арна мекенжайы: @tilmech
Санаттар: Санатсыз
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 13.85K

Ratings & Reviews

3.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 8

2023-04-22 17:58:20 ​​ ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ ОРОЗО ТУУРАЛУУ СУРОО-ЖООПТОР
 
❏ ШАВВАЛ КАЙСЫ АЙ? БУЛ АЙДА КАНДАЙ ОРОЗО ТУТУЛАТ?


ЖООП:
Шаввал айы – Рамазандан кийинки ай. Орозо айт күн Шаввал айынын биринчи күнүнө туура келет. Ал эми бул айдагы орозо тууралуу пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандай сооп алат». (Сахих Муслим)
 
❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУН АЙТ КҮНДӨН БАШТАП ТУТСА БОЛОБУ?

ЖООП:
Айт күн – майрам күн. Ал күнү орозо тутуу шариятта тыйылган. Айт күндүн эртеси эле тутуп баштоо керек. Орозо айт бир эле күн болот. Ал эми Курман айт үч күн болот.

❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУНДА ООЗ ЖАБУУ, ООЗ АЧУУ УБАКТЫЛАРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

ЖООП:
Намаз календарында көрсөтүлгөн багымдат намазынын убактысына чейин ооз жабылат, шам намазынын убактысында ооз ачылат.

❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУНДА ООЗ ЖАБАРДА КАНДАЙ НИЕТ КЫЛЫНАТ?

ЖООП:
Шаввалдын орозосу деп жүрөктөн ниет кылып тута берет. Эч кандай дуба айтыш шарт кылынбайт.

❏ РАМАЗАНДАГЫ КАРЫЗ КҮНДӨР БИРИНЧИ ТУТУЛАБЫ ЖЕ ШАВВАЛДЫН ОРОЗОСУ БИРИНЧИ ТУТУЛАБЫ?

ЖООП:
Бул туурасында аалымдар арасында талаш пикирлер айтылган. Бирок аалымдардын басымдуу туура ой-пикири – биринчи Рамазандын каза күндөрүн тутуу керек деген ой. Демек, ушуга ылайык Рамазандагы карыз күндөрүн туткандан кийин Шаввалдын орозосун тутат. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ: «Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса...» деп айткан. Эгер адам Шаввалдын алты күнүн биринчи туткан болсо, анда ал Рамазанды улаганга жатпай калат. Шаввалдын орозосун улап тутуш үчүн биринчи Рамазандагы карыз күндөрдү толук тутуп бүтүрүүсү керек.
 
Ошондой эле шариятта каза орозону тутуу – парз, ал эми Шаввалдын алты күндүк орозосун тутуу – нафил болуп саналат. Ушуга ылайык мусулман адам нафилден мурун парзды биринчи аткаруусу керек.
 
❏ БУЛ ОРОЗОНУ АЙТТЫН ЭРТЕСИ ТУТУП БАШТАШ КЕРЕКПИ ЖЕ АЙТТАН КИЙИН БИР ТОП КҮН ӨТҮП КЕТСЕ ДА ТУТА БЕРСЕ БОЛОБУ? АНАН АЛТЫ КҮНДҮ КАТАРЫНАН ТУТУУ КЕРЕКПИ ЖЕ БӨЛҮП-БӨЛҮП ТУТСА БОЛОБУ?

ЖООП:
Шаввалдын алты күнүн сөзсүз эле Орозо айттын эртеси тутуп башташ шарт эмес. Айттан бир-эки күн же бир топ күн өтүп кетсе да тутса болот. Эң негизгиси Шаввалдын алты күндүк орозосун Шаввал айы бүткүчө тутуп жетишүү керек. Ошондой эле Шаввалдын алты күнүн катарынан тутса да болот, бөлүп-бөлүп тутса да болот. Эң негизгиси ушул ай бүткүчө тутулса болду.
 
❏ ШАВВАЛДЫН ОРОЗОСУН ЖАКШЫ ЭЛЕ ТУТУП БАШТАСА, БИРОК АР КАНДАЙ СЕБЕПТЕРДЕН УЛАМ ТӨРТ ЭЛЕ КҮНҮН ТУТУП, ШАВВАЛ АЙЫ ӨТҮП КЕТСЕ, АНДА ТУТАЛБАЙ КАЛГАН ЭКИ КҮНДҮН КАРЫЗЫН ТУТУУ КЕРЕКПИ?


ЖООП:
Шаввал айынын алты күндүк орозосун тутуу сүннөт болуп саналат. Ошондуктан Шаввалдын калып кеткен күндөрүнүн казасы тутулбайт. Ал эми туткан төрт күнү үчүн ниетине жараша сообу жазылат. Эгер чындап эле кечиримдүү себептерден улам кармай албай калса, анда сообу толук жазылышы да толук мүмкүн. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Эгерде пенде ооруп калса же сапарда болуп (мурда кылып жүргөн ибадаттарын кыла албай калса), анда Аллах ага ден-соолугу чың жана үйүндө болгон кезинде ошол ибадаттарды кылып жүргөндөй сообун жазат». (Сахих Бухари)

ЭСКЕРТҮҮ:
Быйыл 2023-жылдын Шаввал айы 20-майга чейин болот. Ошого чейин Шаввалдын алты күндүк орозосун кармап жетишүү керек.

 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
843 viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  14:58
Ашу / Түсініктеме
2023-04-22 08:18:55
ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ 6 КҮНДҮК ОРОЗО ТУУРАЛУУ

Чубак ажы Жалилов

➤➤ https://t.me/tilmech

Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
1.0K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  05:18
Ашу / Түсініктеме
2023-04-22 08:18:41
➤➤ https://t.me/tilmech
1.3K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  05:18
Ашу / Түсініктеме
2023-04-21 09:11:33
Үй-бүлөңдө алар Айт майрамын чыдамсыздык менен күтө тургандай маанайды түз.

➤➤ https://t.me/tilmech
3.0K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  06:11
Ашу / Түсініктеме
2023-04-21 05:01:09
Мусулман бир туугандар! Орозо айт майрамы менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм!

Айтыңыздар маарек болсун! Аллах таала үйүңүздөргө кут, береке, бакыт ыроолосун. Элибизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун! Аллах Таала Рамазан айында баарыбыздын туткан орозобузду, кылган жакшылыктарыбызды жана ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Акыретте Өз ырайымына алып, бейишке кирген сүйүктүү пенделеринин катарында кылсын! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм. Майрамдык маанай ар бир күнүңүздөрдү коштосун!

Аамиин!


═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
3.6K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  02:01
Ашу / Түсініктеме
2023-04-21 04:04:54
Айтыңыздар маарек болсун!

➤➤ https://t.me/tilmech
2.9K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, 01:04
Ашу / Түсініктеме
2023-04-21 04:04:30
Айтыңыздар маарек болсун!

➤➤ https://t.me/tilmech
2.8K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, 01:04
Ашу / Түсініктеме
2023-04-20 19:22:14
Айтыңыздар маарек болсун!

➤➤ https://t.me/tilmech
5.4K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, 16:22
Ашу / Түсініктеме
2023-04-20 18:08:42
Оо, Аллах!
Бул ыйык Рамазан айында баарыбыздын туткан орозобузду, кылган жакшылыктарыбызды жана ибадаттарыбызды кабыл кыл. Бул Рамазан айына аман-эсен жеткирген сыяктуу кийинки Рамазан айына да баарыбызды аман-эсен жеткир. Акыретте Өзүң убада кылган сооп-сыйлыктардан куру калтырба, Раййан бейишине кирген адамдардын катарына кош, Өзүң бизден ыраазы бол жана кетирген кемчиликтерибизди, күнөөлөрүбүздү кечир!

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
5.2K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  15:08
Ашу / Түсініктеме
2023-04-20 08:13:35 ​​ БИТИР САДАКА БОЮНЧА СУРОО-ЖООПТОР

❏ БИТИР САДАКА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Битир садака – Орозо айтка чейин кээ бир азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн белгилүү бир өлчөмдө муктаж мусулмандарга берилүүчү садаканын түрү. (“Аль-Бинаяту шарх аль-Хидая”)
 
❏ БИТИР САДАКАНЫН ӨКҮМҮ КАНДАЙ?

Ханафи мазхабы боюнча битир садака берүү ар бир мусулманга парз болуп эсептелет.
 
❏ БИТИР САДАКА КИМДЕРГЕ ПАРЗ?

Ар бир мусулманга парз. Ал өзү үчүн жана анын жоопкерчилигиндеги үй-бүлө мүчөлөрү үчүн битир садака берүүгө милдеттүү. Эгер балдары өздөрүн камсыз кылган деңгээлде болсо, анда алар өздөрү үчүн беришет. Ошондой эле ханафи мазхабы боюнча эненин курсагындагы түйүлдүк үчүн битир садака берилбейт. (“Хашият ибну Аабидин”)
 
❏ БИТИР САДАКА КАЧАН БЕРИЛЕТ?

Битир садаканын эң жакшысы – Рамазандын акыркы күнү ооз ачкандан баштап эртеси айт намазга чейинки аралыкта берилгени. Эгерде кандайдыр бир кечиримдүү себептер болсо, алдын ала да бергенге уруксат. Көпчүлүк аалымдар битир садаканы айт намаздан кечиктирбеш керек, ким кечиктирсе, анда жөн гана садака бергенге жатып калат деп айтышкан. Ал эми ханафи мазхабы боюнча кечиримдүү себептер болсо, анда кайсы убакта берсе да болот. Бирок айт намазга барардан алдын бергени мустахаб болот деп айтылган. (“Аль-Фатава аль-Хиндийя”, “Фатхуль Кадир”)
 
❏ БИТИР САДАКА КАНЧА ӨЛЧӨМДӨ ЖАНА КАЙСЫ НЕРСЕЛЕРДЕН БЕРИЛЕТ?

Ханафи мазхабы боюнча битир садаканын өлчөмү төмөнкүдөй (2022-жыл боюнча):

– Буудай ( ≈ 1,6 кг) ≈ 50 сом
– Ун ( ≈ 1,6 кг) ≈ 74 сом
– Мейиз ( ≈ 1,6 кг) ≈ 636 сом
– Арпа ( ≈ 3,2 кг) ≈ 90 сом
– Курма ( ≈ 3,2 кг) ≈ 986 сом

Битир садака жан башына жогорудагы азык-түлүктөрдүн бирөөсүнөн берилет. Ал эми ханафи мазхабында битир садаканы акчалай берүүгө да уруксат. Эң жакшысы жогоруда айтылган азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн чыгарганы, болбосо акчалай берсе да болот. 
 
❏ БИТИР САДАКАНЫ КИМДЕРГЕ БЕРҮҮ КЕРЕК?

Битир садака төмөнкү түрдөгү адамдарга берилет:
1) Кедей-кембагалдарга.
2) Жакыр жашагандарга.
3) Битир садака жыйнагандарга.
4) Исламды жаңыдан кабыл алгандарга же кабыл алууга кызыккандарга.
5) Кулдарды азат кылууга.
6) Карызы көп адамдарга.
7) Аллах жолундагы адамдарга.
8) Мусапыр адамга. (“Хашият ибну Аабидин”)
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
6.3K viewsTelepostBot, 05:13
Ашу / Түсініктеме