Get Mystery Box with random crypto!

​​ САДАКАНЫН 17 ПАЙДАСЫ Ибну Каййим, рахимахуллах, айтат:   | ТИЛМЕЧ

​​ САДАКАНЫН 17 ПАЙДАСЫ

Ибну Каййим, рахимахуллах, айтат:
 
«Садака берүүдө көптөгөн пайдалар бар. Анын санын Аллах гана билет. Анын пайдаларынан:

– Жамандыктардын зыянынан сактайт.
– Балээ-кырсыктардан алыстатат.
– Күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.
– Мал-мүлктү сактайт.
– Ырыскыны көбөйтөт.
– Жүрөктү кубантат. 
– Аллахка болгон ишенимди күчөтөт жана Ал тууралуу жакшы ойдо гана болууга түрткү берет.
– Жан дүйнөнү тазартат жана аны өстүрөт. 
– Адамды Аллахка жана адамдарга сүйүктүү кылат.
– Адамдын бардык айыптарын жаап жашырат.
– Өмүрдү узартат.
– Адамдардын ага дуба кылуусуна жана аны сүйүүсүнө себеп болот.
– Адамды кабыр азабынан сактайт. 
– Кыямат күнү аны көлөкөлөйт. 
– Аллахтын алдында ага шапаат кылат. 
– Бул дүйнөдөгү жана акыреттеги кыйынчылыктарды жеңилдетет. 
– Бардык жакшылык иштерди кылууга түрткү берет.

Андыктан аны оор деп санаба. Анткени садаканын пайдалары мындан дагы көп».

“Уъддат ас-Сообирин”, 254-бет

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech