Get Mystery Box with random crypto!

ТИЛМЕЧ

Telegram арнасының логотипі tilmech — ТИЛМЕЧ Т
Telegram арнасының логотипі tilmech — ТИЛМЕЧ
Арна мекенжайы: @tilmech
Санаттар: Санатсыз
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 13.85K

Ratings & Reviews

3.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 10

2023-04-17 08:06:34
КАДЫР ТҮН МИҢ АЙДАН ДА АРТЫК

Аллах таала ыйык Куранда айтты: 
«Кадыр түн – миң айдан да артык (түн)». (Кадр сүрөөсү, 3-аят)
 
Кадыр түн – жыл ичиндеги эң улуу түн. Мусулман адам бул түндө кандай ибадат кылбасын, ал ибадаты Аллахтын алдында миң ай кылынган ибадаттан да жакшыраак. Аллах таала мындай артыкчылыкты Кадыр түнгө гана берген. Жыл ичиндеги башка эч бир түн бул түндүн даражасына жетпейт. 
 
Миң айды жыл менен эсептей турган болсок, 83 жыл 4 айга барабар. Азыркы күндө 83 жашка чыккан адамдар саналуу гана. Эгерде адам ошончо жашка чыкса дагы ал өмүр бою ибадат кыла албайт. Бирок Аллах Өзүнүн сүйүктүү пенделерине акылга сыйгыс мүмкүнчүлүктөрдү түзүп койгон. Эгерде мусулман адам Кадыр түндү ибадат кылуу менен өткөргөн болсо, анда анын ошол түнкү кылган ибадаты – Аллахтын алдында миң айдан ашык кылынган ибадаттан да артык деп айтылган.

Анас ибну Малик айтты:
«Кадыр түндөгү кылынган ибадат, садака, намаз жана зекет миң айдан да жакшыраак». (Ад-Дурру аль-Мансур, 6/370)
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
2.4K viewsTelepostBot, 05:06
Ашу / Түсініктеме
2023-04-17 05:32:36
Бүгүн (17-апрель) ооз ачкандан кийин Рамазан айынын 27-түнү башталат. Бул түн кадыр түн болуу ыктымалдуулугу көбүрөөк болгон түн.

Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле». (Сахих Бухари)

➤➤ https://t.me/tilmech
2.6K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, 02:32
Ашу / Түсініктеме
2023-04-16 16:06:54
КАДЫР ТҮНДҮН МААНИСИ

Максат ажы Токтомушев

➤➤ https://t.me/tilmech

Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
3.9K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  13:06
Ашу / Түсініктеме
2023-04-16 10:13:28 ​​ ОРОЗО КАРМАГАНДАР ҮЧ ТҮРДӨ БОЛУШАТ

Имам Абу Хамид аль-Газали орозо тутуучуларды үч даражага бөлгөн:
 
1-ДАРАЖА: КАРАПАЙЫМ АДАМДАРДЫН ОРОЗОСУ (Саумуль-ауаам)
 
Бул курсакты тамак-аштан жана аврат мүчөлөрүн кумар алуудан гана тыюу, бирок мында орозо чын жүрөктөн болбой, дененин башка мүчөлөрү орозонун талаптарын толук аткарбайт. Тактап айтканда, бул даражадагы адам Аллах таала тыюу салган нерселерден толук баш тартпай, ыңгайы келсе ушакчылык, чагымчылык, жалганчылык, жалган күбө берүү жана ушу сыяктуу күнөөлөрдү кыла берет. Бул даражадагы адамдар коркунучтун үстүндө турат. Себеби, пайгамбарыбыз ﷺ: «Кээ бир орозо кармагандар ачка калып суусагандан башка сооп алышпайт, ал эми кээ бир түнкү намаз окугандар дагы түнкү уйкудан калышкандан башка сооп алышпайт» – деп айткан. Кайсы бир адам өзүнүн дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн сактабаса, анда өзүн тамак-аштан, суусундуктан тыйганынан эмне пайда табат? Анткени пайгамбарыбыз ﷺ: «Ким жалган күбөлүк берүүнү жана аны кылууну таштабаса, анда Алла тааланын алдында анын тамак-аш, суусундукту таштаганынан не пайда» – деп айткан.

 
2-ДАРАЖА: ӨЗГӨЧӨЛӨРДҮН ОРОЗОСУ (Саумуль-хауаас)
 
Бул болсо экинчи даражадагы адамдардын орозосу. Мында эң биринчи кезекте курсакты жана аврат мүчөлөрүн тыюу жана ошондой эле көздү арам нерселерден, тилди жалганчылыктан, жаман сөздөрдөн, кол-бутту арам нерселерди аткаруудан, кулакты орозодо тыюу салынган нерселерди угуудан сактоо менен дененин башка мүчөлөрү күнөөлөрдөн сакталат. Себеби, орозонун араб тилиндеги мааниси да, шарияттык мааниси да «тыйылуу» дегенди билдирет эмеспи.


3-ДАРАЖА: ӨЗГӨЧӨЛӨРДӨН ЖОГОРУ ТУРГАН АДАМДАРДЫН ОРОЗОСУ (Сауму хауаассиль-хауаас)

Бул даражадагы адамдардын орозосу жеке эле курсакты тамак-аштан, аврат мүчөлөрүн жыныстык кумардан, дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн тыюу менен чектелбестен, ошону менен бирге өздөрүнүн жүрөктөрүн Аллахтан алыстатуучу ойлордон жана маанисиз кеп-сөздөрдөн сакташат. Орозонун бул даражасындагы адамдар жүрөгү менен бир гана Аллахка байланып, Андан башка нерселерден жүз бурган адамдар. Мына ушул даража эң бийик даража! 

Аллах тааладан баарыбызды ушул даражага жеткиришин сурайлы.
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
4.4K viewsTelepostBot, 07:13
Ашу / Түсініктеме
2023-04-15 16:22:51
Бүгүн (15-апрель) ооз ачкандан кийин Рамазан айынын 25-түнү башталат.

Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле». (Сахих Бухари)

➤➤ https://t.me/tilmech
2.1K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  13:22
Ашу / Түсініктеме
2023-04-15 09:30:17
➤➤ https://t.me/tilmech
3.1K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  06:30
Ашу / Түсініктеме
2023-04-14 18:18:57
➤➤ https://t.me/tilmech
1.5K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  15:18
Ашу / Түсініктеме
2023-04-14 16:06:17
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МАКТАГАН ЭҢ ЖАКШЫ ЭРКЕКТЕР 

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Момундардын арасынан толук ыймандуулары – кулк-мүнөзү жакшылары. Ал эми силердин араңардан эң жакшылары – аялдарына жакшы мамиле кылгандары». (Муснад Ахмад, 2/472)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Абу аль-Вафа ибну Акыйл айтты:
«Акылдуу эркек эгерде аялдарынын бири менен жалгыз калса, бири-бирин эркелетип же тамаша айтып көңүлүн көтөрөт. Ал муну менен өзүнүн жана аялынын алдындагы милдетин аткарган болот. А эгер балдары менен жалгыз калса, анда көңүлдөрүн көтөрүү үчүн алар менен жаш балача ойноп, бир азга оор басырыктуулугун таштай турат». (“аль-Адаб аш-Шаръийя”)

Имам аль-Газзи айтты:
«Бир адамдын өз үй-бүлөсүндө жагымдуу маанайды түзүүсү жана аларга жумшак мамиле кылуусу – пайгамбарлардын жана элчилердин сыпатынан». (“Аль-Марах филь-Мизах”)

Эркектеги эң жаман сапаттардын бири – сырттагы адамдарга сылыктанып, өз үйүндөгү ата-энесинине, аялына, бала-чакасына орой мамиле кылуу.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ t.me/tilmech
➤➤ t.me/tilmech
2.2K viewsTelepostBot, 13:06
Ашу / Түсініктеме
2023-04-14 08:15:28 ​​ КАХФ СҮРӨӨСҮНҮН АЛТЫ АРТЫКЧЫЛЫГЫ

1. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адамдын таманынын астынан асманды көздөй жаркыраган нур чыгып, кыямат күнү ага нур болот. (Сахих ат-Таргыиб)

2. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адам менен Каабанын ортосунда нур пайда болот. (Дарими)

3. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адам үчүн эки жуманын ортосунда нур болот. (Хаким)

4. Кахф сүрөөсүнүн баштапкы он аятын жаттаган адам Дажжалдын азгырыгынан коргоодо болот. (Сахих Муслим)

5. Кахф сүрөөсүнүн акыркы он аятын окуган адам Дажжалдын азгырыгынан коргоодо болот жана ал ага зыян келтире албайт. (Ибну Хиббан)

6. Кахф сүрөөсүн окуган адамга бейпилдик, тынчтык түшөт. (Сахих Бухари)

КАХФ СҮРӨӨСҮНҮН АРАБЧАСЫН, ТРАНСКРИПЦИЯСЫН ЖАНА АУДИОСУН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕ АРКЫЛУУ КӨЧҮРҮҢҮЗ:

Аудиосу:
➤ https://t.me/tilmech/221

Арабчасы жана транскрипциясы:
➤ https://t.me/tilmech/222

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
3.6K viewsTelepostBot, 05:15
Ашу / Түсініктеме
2023-04-13 16:32:10
Бүгүн (13-апрель) ооз ачкандан кийин Рамазан айынын 23-түнү башталат.

Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле». (Сахих Бухари)

➤➤ https://t.me/tilmech
2.7K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  13:32
Ашу / Түсініктеме