Get Mystery Box with random crypto!

ТИЛМЕЧ

Telegram арнасының логотипі tilmech — ТИЛМЕЧ Т
Telegram арнасының логотипі tilmech — ТИЛМЕЧ
Арна мекенжайы: @tilmech
Санаттар: Санатсыз
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 13.85K

Ratings & Reviews

3.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 144

2021-05-08 07:47:45
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
3.4K viewsedited  04:47
Ашу / Түсініктеме
2021-05-07 15:27:03 ​​ КАДЫР ТҮНДҮ КАНТИП ТОСУУ КЕРЕК?

КАДЫР ТҮНДҮ СААТ КАНЧАДАН БАШТАП ТОСУУ КЕРЕК?
 
ЖООП:
Кадыр түн шам намазынан баштап багымдат намазына чейинки аралыкта тосулат. Тагыраак айтканда, ооз ачкандан ооз жапкан чейин тосуу керек.

КАДЫР ТҮНДӨ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ КЫЛУУ КЕРЕК?
 
ЖООП:
Кадыр түндө жалпы эле ибадаттарды кылууга уруксат. Бирок төрт ибадатка айрыкча көңүл буруу зарыл:
1) Намаз
2) Куран
3) Зикир
4) Дуба
Ушул төрт ибадатты алмак-салмак кылыңыз. Мисалы, намаз окуңуз, эгер чарчасаңыз Куран окуңуз. Эгер уйкуңуз келип баратса, эшикке чыгып уйкуңузду ачып сергип келиңиз, кийин туруп кайра намаз окуңуз, андан соң отуруп зикир чалыңыз, намаздардын араларында дуба кылыңыз ж.б. Ар бир убакытты ушул ибадаттардын бири менен өткөрүңүз.

МИСАЛЫ, КАЙСЫ НАМАЗДАРДЫ ОКУЙБУЗ? КАНДАЙ НИЕТ КЫЛАБЫЗ?
 
ЖООП:
Кадыр түн үчүн атайын белгиленген намаз жок. Адатта орозодо окулган намаздарды окуй бересиз, мисалы таравих намазы окулат, тахажуд намазы окулат ж.б. Мисалы, куптанды окуңуз, андан кийин таравихти окуңуз. Андан кийин эки-эки рекеттен тахажуд окуңуз. Тахажуд намазы кадимки эле эки рекет намаздай окулат, бир гана айырмасы, ниет кылганда тахажуд намазы деп кыласыз. Канча кааласаңыз ошончо окуй бересиз.

КУРАН ОКУГАНДА АРАБЧАДАН ОКУУ КЕРЕКПИ? ЖЕ КОТОРМОСУН ДА ОКУСА БОЛОБУ?
 
ЖООП:
Эң жакшысы арабча Куранды окуганы. Анткени хадистерде Курандын окулган ар бир тамсына ондон сооп берилет деп жазылган. Эгерде арабча окуганды билбесеңиз, анда Курандын кыргызча котормосун окуңуз же болбосо Курандан жаттаган сүрөөлөрдү оозеки окусаңыз да болот.

ДУБА КЫЛГАНДА КАНДАЙ ДУБАЛАРДЫ КЫЛУУ ЗАРЫЛ?
 
ЖООП:
Дуба кылганда жалпы эле дубаларды кыла бересиз, Куран-сүннөттө келген дубаларды айтканыңыз жакшы. Билбесеңиз, анда жакшы ой-тилектерди камтыган жалпы эле дубаларды айтсаңыз болот. Мисалы: «Оо, Аллах! Мени туура жолго сал, бейишке киргиз, тозоктон сакта, мага хидаят бер, күнөөлөрүмдү кечир, тооболорумду кабыл кыл, бактылуу, ырыстуу пенделериңден кыл, акыретте бейишке кирүүнү насып кыл, акыйкат жолдон адаштырба, ыйманымдан айрыба, ден-соолукта кыл, ийгилик бер ж.б.» маанидеги дубаларды айтсаңыз болот.

Дуба кылардан алдын сөзсүз дубанын адептерине көңүл буруу зарыл. Дуба кылардан алдын алгач Аллахка мактоолорду айтып, Аны улуктап баштаңыз, андан соң пайгамбарыбызга салават айтыңыз, андан соң дуба кылыңыз, тилектериңизди сураңыз, анан акырында салават айтып бүтүрүңүз. Кимде-ким ушундай кылса, анда анын дубасы кабыл болот.

КАДЫР ТҮН ТОСУУДА ЭМНЕЛЕРДЕН АЛЫС БОЛУУ КЕРЕК?
 
ЖООП:
Кадыр түндө ибадаттан алаксыткан, күнөө болгон бардык иштерден алыс болуу зарыл. Мисалы, телевизор көрүү, кино көрүү, сотка чукулоо, интернетке алаксуу, ушакташуу, адамдар менен чогулуп дасторкон жайып пайдасыз сөздөрдү сүйлөшүп олтуруу ж.б. Кээ бир адамдар ойлошот, Кадыр түндө уктабасаң эле тоскон болосуң деп. Бул туура эмес. Кадыр түндү ибадат кылуу менен өткөрүү керек. Себеби бул түн жыл ичиндеги эң ыйык түн. Ким ушул түндү ибадат кылуу менен өткөрсө, анда анын кылган ибадаттары миң ай ибадат кылганга барабар болот. Ошондуктан бул түндүн ар бир мүнөтүн ибадат менен гана өткөрүүгө аракет кылуу зарыл.
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
11.7K views12:27
Ашу / Түсініктеме
2021-05-07 11:02:52
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
3.9K viewsedited  08:02
Ашу / Түсініктеме
2021-05-07 09:10:44 ​​ КАДЫР ТҮНДӨ КАЙСЫ ЗИКИРЛЕРДИ АЙТУУ ЖАКШЫ?

Кадыр түндө айтылган зикирлердин эң жакшысы – «Аллахумма иннакя аъфуввун, тухиббуль-аъфва, фаъфу аънни» (Оо, Аллах! Чындыгында Сен Кечирүүчүсүң. Кечиргенди жакшы көрөсүң, мени кечир). 

Ошондой эле төмөнкү зикирлерди да айтсаңыз болот:

❏ ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок)

СУБХААНАЛЛАХ (Аллах айып-кемчиликтерден Аруу)

АЛХАМДУЛИЛЛАХ (Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун)

АЛЛАХУ АКБАР (Аллах улук)

СУБХААНАЛЛАХИ УА БИХАМДИХИ (Аллах аруу жана Ага мактоолор болсун)

СУБХААНАЛЛАХИ УАЛХАМДУЛИЛЛААХИ УА ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХУ УАЛЛААХУ АКБАР (Аллах аруу, Ага мактоо болсун, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Аллах улук)

АСТАГФИРУЛЛАХ (Аллахтан кечирим сурайм)

АСТАГФИРУЛЛАХА УА АТУУБУ ИЛАЙХИ (Аллахтан кечирим сурайм жана Ага тообо кылам)

ЛАА ИЛААХА ИЛЛА АНТА, СУБХААНАКА, ИННИИ КУНТУ МИНАЗ-ЗООЛИМИИН (Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Сен аруусуң! Чындыгында мен өзүмө зыян кылуучулардан болдум)

ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХУ УАХДАХУ ЛАА ШАРИИКА ЛАХУ, ЛАХУЛЬ МУЛЬКУ УА ЛАХУЛЬ ХАМДУ УА ХУА АЪЛАА КУЛЛИ ШАЙИН КОДИИР. (Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын шериги жок. Мүлк жана мактоо Ага гана таандык жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү)

Бул зикирлерди канча кааласаңыз айта бересиз. Ар бирин жүздөн айтыңыз же миңден айтыңыз, кыскасы эч кандай чектөө жок. Канчалык көп айтсаңыз ошончолук сооптуу. Ошондой эле зикирди айтардан алдын сөзсүз түрдө анын кыргызча маанисин да окуп алыңыз. Айтып жатканда Аллахтын улуктугун жүрөгүңүз менен сезип, жан-дилиңиз менен берилип чын ыкластан айтыңыз. Зикирди тил менен гана кайталай бербестен, андагы камтылган маанини жүрөк менен туюп айтуу зарыл. Мына ошондо зикир толук болуп эсептелет.


ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
7.8K views06:10
Ашу / Түсініктеме
2021-05-07 06:35:39
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
6.5K viewsedited  03:35
Ашу / Түсініктеме
2021-05-06 15:48:18
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
3.9K viewsedited  12:48
Ашу / Түсініктеме
2021-05-06 12:15:42 ​​ 300 МИҢ КУЛДУ АЗАТ КЫЛГАНДАЙ СООП АЛГЫҢ КЕЛЕБИ?

Зикир кылуу – эң улуу жана эң жеңил ибадаттардын бири. Анткени ал тилге жеңил жана адамдан көп аракетти талап кылбайт. Айрыкча Рамазан айында кылуу сооптуу иштерден болуп саналат. Эгерде адам Кадыр түнү зикир кыла турган болсо, анда ал он миң эсе көп сооп алат.

Зикирлердин эң улугу – күбөлүк келмеси. Ал эми келменин түрлөрүнөн эң жакшысы – «лаа илааха иллаллаху уахдаху лаа шариика лаху, лахуль мульку уа лахуль хамду, уа хуа аълаа кулли шайин кодиир». Мааниси: Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын шериги жок. Мүлк жана мактоо Ага гана таандык жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү.

Имам Бухари менен имам Муслимдин «Сахих» хадистер жыйнактарында риваят кылынган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бул зикир тууралуу мындай деп айткан:

«Кимде-ким ушул келмени 100 жолу айта турган болсо, анда ал он кулду азат кылгандай сооп алат». (Сахих Бухари, 3293; Сахих Муслим, 2691)

Эгерде адам Рамазандын акыркы 10 түнүндө ушул зикирди 100 жолудан айтып, анын айтканы Кадыр түнгө туш келе турган болсо жана Кадыр түндө сооптордун көбөйтүлгөнүн эске алсак, анда ал болжолу 300000 кулду азат кылгандай соопко ээ болот. Ар бир кулду тозоктон азат кылгандай болот. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ башка бир хадисинде мындай деп айткан:

«Кимде-ким бир мусулман кулду азат кылса, анда Аллах анын ар бир мүчөсү үчүн (азат кылган адамдын) бир мүчөсүн тозоктон куткарат». (Сахих Бухари, 1422; Сахих Муслим, 1407)

Көпчүлүк адамдар бул ыйык түндө кандай улуу сооптор катылганын элес алышпайт. Эгерде сиз алардын катарында болбойм десеңиз, анда ушул зикир сөзүн бүгүндөн баштап, Рамазан бүткөнгө чейин күнүгө кечинде сөзсүз айтыңыз. Балким сиздин айтканыңыз Кадыр түнгө туш келе турган болсо, анда сиз жогоруда айтылгандай соопторго жетишиңиз ыктымал.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
9.7K views09:15
Ашу / Түсініктеме
2021-05-06 06:07:38
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
3.8K viewsedited  03:07
Ашу / Түсініктеме