Get Mystery Box with random crypto!

#Тезокуу Бүгүнкү күнүбүзгө көп-көп шүгүр кылалы. 10 жыл мурд | Жаңы Муун Жаштары 💡

#Тезокуу

Бүгүнкү күнүбүзгө көп-көп шүгүр кылалы. 10 жыл мурдагы майрамдалган Курман айт менен бул күндөрдө майрамдалган Курман айттын айырмасын көрдүк окшойт. Жыл өткөн сайын арабызда жакшылыкка умтулган, жакшылыкка чакырган, жакшылыктын артынан ээрчиген, азда болсо ошол жакшылыкка салым кошкон, жаш болсун, кары болсун көбөйүүдө.
Ак-кара ар дайым бирге жүрөт эмеспи. Бирге жүргөнүнө карабай ошол жакшылыкка умтулган, актын санын арттыргысы келгендердин санынын көбөйүп жатканы кубандырат. Канчалаган адамдар жакырларга жардам берсем, азда болсо курмандык чалынуусуна салым кошсом, ошол соопко менда жетсем, ыраазы кылсам дегендердин саны дагыда көбөйгөнүнө шүгүр. Жашоого, эртеңки күнгө болгон көз караш өзгөрүп баратканы да сүйүнтөт.
Бүгүнкү айтыңыздар маарек болсун, кылган сооп иштериңиздер, курмандыгыңыздар кабыл болсун