Get Mystery Box with random crypto!

#денсоолук АШКАЗАНДЫН ООРУУЛАРЫНА ЖАРДАМГА КЕЛГЕН АЗЫКТАР! | Жаңы Муун Жаштары 💡

#денсоолук

АШКАЗАНДЫН ООРУУЛАРЫНА ЖАРДАМГА КЕЛГЕН АЗЫКТАР!

Аш сиңирүүчү системанын көйгөйү ар бир адамда кездешет. Андан улам тамак сиңирүүсү кыйындап тамактан баш тарткандар да бар. Эмесе, рационуңузга төмөнкү азыктарды кошуу менен ич катуу, гастрит, ашказан жарасы сыяктуу оорулардын алдын алыңыз.

1. Киви

Клетчаткага бай киви жемиши көп тамак жеп алгандан кийинки ашказандагы оорчулук сезимден арылтат. Эгерде бул жемишти көп колдонсоңуз, организмдеги туздарды чыгарууга, бөйрөктү таштан арылтууга жакшы жардам берет. Анын курамындагы пектиндин суук тийүүгө каршы таасири бар. Андыктан тамак-аш сиңирүү, гастрит, ашказан жарасы, он эки эли ичеги ооруларына сунушталат. Кычкыл даамына карабай киви ашказан жарасын айыктырат.


1. Күрөң түстөгү күрүч(озгон гуруч)

Биз Өзгөн күрүчү деп билген күрөң күрүчтүн 100 граммы 330 калориядан турат. Анда пайдалуу углеводдор, кант, белок, ошондой эле абдан баалуу май, Е, РР витаминдери, В витаминдер топтому жана минералдар бар. Ал адамдын ашказанындагы дүүлүккөн былжырлуу кабыктарды дарылайт жана ичеги-карынга жагымсыз нерселерди чакырбайт.

3. Шпинат

Шпинатты ашказан үчүн "шыпыргы болгон" жашылчалардын падышасы десек болот. Ал ичеги-карындын иштешин жөнгө салат. Курамында жогорку көрсөткүчтөгү өсүмдүк белогу, А, С витаминдери жана В витаминдер топтому бар. Көп эмес убакыт мурун окумуштуулар анын жашыл жалбырагынын гастрит оорусунун алдын аларын далилдешкен. Шпинаттан жасалган шорподон баш тартпасаңыз, ашказаныңыздын дени сак болот.

4. Йогурт

Антибиотик ичкен адамга ичегилерин өз калыбына келтирүү үчүн йогуртту сунуштаган туура. Ал микрофлораны нормалдаштырып, ашказандын дүүлүгүүсүн бат жөнгө салат.

5. Туздалган капуста

Капуста - ашказан, боор жана жалпы эле организмди тазалоо үчүн мыкты азык. Бирок жаңы капустага караганда туздалганы алда канча пайдалуу экенин эске тутуу керек. Туздаганда ал жаңы заттарды бөлүп чыгарат. Эң мыкты пайдасы - курамындагы сүт кычкылы. Сүт кычкылы ичегидеги таякчаларды, башка да коркунучтуу бактерияларды жеңип чыгат. Андыктан колдон келишинче көп жеген пайдалуу.


6. Кара өрүктүн кагы

Кургатылган кара өрүк - тамак сиңирүүчү система үчүн эң мыкты азык. Анын ширеси ич катуудан арылтып, тамак сиңирүүнү нормалдаштырат. Ошону менен бирге бул как тамак сиңирүү системасынын ишине мыкты жардам берет, зат алмашууну баланстайт, ашказан оорусунда да керек. Күнүнө 4-6 мөмө жеп жүрүү жетиштүү.

7. Попкорн

Попкорн — сапаттуу углеводдордун булагы жана толук кандуу дан өсүмдүгү. Аны ашыкча салмактан арылуу программасында да колдонушат. Бир порция попкорндун курамында 70 килокалория бар. Попкорн адамды ток кармайт, табитти бузбайт, ашказанга түшкөндө бат аш болот. Башкысы анын эң пайдалуулугу - курамына жогорку көрсөткүчтөгү клетчатканы камтыйт.

8. Буурчактар

Кургатылган кызыл жана ак төө буурчак, кургатылган буурчактар кызыл өңгөчтүн былжырына, ашказандын ашыкча кычкылына абдан зыяндуу болгон зарнасынан арылтат. Ал ашказандагы көптөгөн олуттуу оорулардан арылтып, ашыкча нерселерди нейтралдаштырат. Курамындагы абдан көп клетчатка ич катуунун алдын алып, чоң заара кылуудагы кыйынчылыктардан арылтып, геморрой жана башка ооруларга жардам берет.

9. Суу

Күнүнө 2 литрден ичилген таза, чийки суу ашказан жана ашказан жарасы ооруларынын көйгөйүн толук түрдө чечет. Эгерде ашказан ооруса, аны айыктыруучу «тез жардам» - бир стакан чийки суу. Ошондой эле суу өнөкөт ооруларга да мыкты каражат болуп эсептелет.

10. Кабак

Кабактын азык буласы - токсиндик заттарды, ашыкча холестерин жана сууну организмден айдап чыгууга мыкты жардамчы. Ашыкча салмак кошууда кабак жесе, ал бат тоюу сезимин чакырат. Өзгөчө бул азык жашы өтүп калгандарга пайдалуу. Ал тамак сиңирүү процессин, ашказан, ичегинин иштөө функциясын жакшыртат.