Get Mystery Box with random crypto!

#Тезокуу #ойлонтконойлор Чын пейилдүү ( искренный) адамдарды | Жаңы Муун Жаштары 💡

#Тезокуу #ойлонтконойлор

Чын пейилдүү ( искренный) адамдарды өзгөчө баалайм. Алар чынында бардык нерсени чын жүрөктөн кылышат. Взамен эч нерсе деле сурашпайт. Болгону сенден да анын сага кылгандай мамилени күтүшөт.
Искренный адамдарга акчаң, мансабың, менталитетиң, жада калса билимиң да маанилүү эмес. Алар чынчылдыкты, боорукердикти, адамгерчиликти гана күтүшөт. Мындай адамдар эч качан артыңа бычак сайышпайт. Алар көңүлгө, көзүңө карап турушат Эгерде ошол даражага жетсе дагы ачык сүйлөшүп, көйгөйдү аныктап, бетме-бет чыгышат.
Искренный адамдар менен мамилең үзүлсө да жөн жай үзүлбөйт. Анткени алар кетээринде баарын түшүндүрүп кетишет.
Алар кеткенде жашоого болгон үмүттү кошо алып кетишпейт.

~Жолдошева А