Get Mystery Box with random crypto!

Дил азык🌾

Telegram арнасының логотипі dil_azygym — Дил азык🌾 Д
Telegram арнасының логотипі dil_azygym — Дил азык🌾
Арна мекенжайы: @dil_azygym
Санаттар: Дәйексөздер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 3.22K
Арнадан сипаттама

Автордук укукту сактаңыздар!

Ratings & Reviews

1.50

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

1

1 stars

1


Соңғы хабарлар

2022-09-01 06:45:46 ~ Адамдардын кемчилигин көргөн көзүмдү сокур деп эсептейм. Мендей болуп аларга жакшы көз менен кара.

к.Рустам.Абилов
174 views03:45
Ашу / Түсініктеме
2022-08-31 21:10:19 ~ Акмактын эң чоң акмакчылыгы, өзүнүн акмактыгын билбегени.

с.Рустам.Абилов
373 views18:10
Ашу / Түсініктеме
2022-08-31 15:22:37 УШУНДАЙ ИНСАН БОЛ!

Мен адептүү, чыныгы эркек сыпаты менен "ата!" деген атка татыктуу адамдарды жакшы көрөмүн. Алар - апасын, аялын, кызын, карындашын көзүнүн карегиндей сактап, коргоп, сыйлап баалагандар. Ачууланганда колун да, тилин да тийгизбей, сабырдуулук менен жакшылык-жамандыкта жандап, өзү үчүн эмес үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн жашагандар.

Мен ыймандуу, Аллахтан корккон, жакшылыкка шашылган, алсыздарга кол сунган март инсандарды жакшы көрөмүн. Алардын сөзүнөн амалы көп аларды сүйүү чоң бакыт. Алар - тикенектүү жолдордо бирге басып, кыйын күндөрдө колуңдан тартып, жардам бергендер.

Мен асыл, кымбат, илимдүү адамдарды сыйлаймын, аларды издеймин. Алардын гүл жыттанган аралына карап суктанамын, сугарыламын, үлгү алып өзүмдүн аралымды кооздоймун. Алар жоопкерчиликке, аманатка, убадага бекем тургандар. Таарынганда таштап кетпейт, кечиримдүү болушат, чыккынчылык кылбайт. Алар - бардык жакшылыкта биринчи болгондор…

Сиз ушундай инсан болуңуз, ата - апаңыз ыраазы болгондон дубасы сиз менен болсун. Аялыңыз, балдарыңыз сүйүп, жолуңузга карап күтүп сыйыңызды жогору коёсун. Досторуңуз, жакындарыңыз жакшы көрсүн, жакшылыгыңыздан Жаратканым жакшылыгы менен сыйласын, дайыма жолуңуз ачык, иштериңиз ийгиликтүү, жашооңуз берекелүү болсун...

Автор: Насиба Абдуллаева.
532 viewsedited  12:22
Ашу / Түсініктеме
2022-08-31 09:22:49 ~ Нух а.с аялы динде эмес эле. Жүздөгөн жылдар боюу элди динге чакырды. Бирок жүзгө да жетпеген адам кабылдады. Мухаммад с.а.в аялы Хадижа энебиз динде болчу. 23 жылдык чакыруусунда миллиондогон адамдарга дин жетти. Мына, аялдын динде болуусу канчалык маанилүү экендиги.

с.Рустам.Абилов
31 views06:22
Ашу / Түсініктеме
2022-08-30 10:56:28 ~ Уяттуу адамдын сулуулугу чексиз.

с.Рустам.Абилов
543 views07:56
Ашу / Түсініктеме
2022-08-30 10:52:30 ~ Дос деген сөз 3 тамга. Тилге жеңил, акысы оор.

с.Рустам.Абилов
553 views07:52
Ашу / Түсініктеме
2022-08-30 10:51:32 ~ Берилген убадада, түзүлгөн келишимде бекем тур. Эгер аны бузсаң бир адамдын ишеничин эле эмес, ошол адамды да кошо жоготосуң.

с.Рустам.Абилов
562 views07:51
Ашу / Түсініктеме
2022-08-30 10:50:27 ~ Бир инсан алдында кадырың бийик болуусун кааласаң, ага муктаждыгыңды билдирбе.

с.Рустам.Абилов
556 views07:50
Ашу / Түсініктеме
2022-08-30 08:35:43 ~ Жүрөгү күчтүү адам, денеси алсыздыгына карабастан, эч нерседен коркпойт.

с.Рустам.Абилов
583 views05:35
Ашу / Түсініктеме
2022-08-30 08:34:08 ~ Эркекти тилин тарта албаган аял да, жокчулук да, кыйынчылык да кайгыга сала албайт. Эркекти кайгыга салган, мотивациясын жоготкон бир эле нерсе бар. Ал анын ойлору.

с.Рустам.Абилов
589 views05:34
Ашу / Түсініктеме