2022-07-08 15:54:25
ҮЙ БҮЛӨҢҮЗДҮ ЖАЛГЫЗ ГАНА ИСЛАМ КОРГОЙТ
Стамбулдун көптөгөн аялдамаларында дал ушундай текст жазылган плакаттар илинип турат. Чындап эле биздин коомду да ЛГБТ-пропагандасынын, коммунизм, демократия, либерализм, атеизм, деизм, капитализмдин караңгылыгынан жалгыз гана Ислам коргойт. Жалгыз Ислам дини гана үй-бүлө институтун бекемдейт. Учурда түрдүү ыкмалар аркылуу үй-бүлө деген түшүнүктөн жаштарыбызды алыстатып жатат. Бул ИЗМдердин негизги эле максаты дал ошол үй- бүлө институтун жок кылуу. ЛГБТ муундан урпак уланбайт, феминизмди колдогон кыздар мээримдүү эне жана жароокер жубай деген бакыттан куру калат, либерализм жана демократиянын курмандыктары турмушка жеңил ойлуу мамиле жасайт,үйлөнсө да кеч үйлөнөт, ажырашат, ал эми атеизм адамдын жашоосун супсактыкка жана максатсыздыкка алып келет.Булардын баарына Ислам карама-каршы турганы үчүн биз үчүн жаңыча бир ыкма менен сокку урууга аракет кылып жатышат. Учурда биздин коомдо деизмдин, б.а. дини жок “динде” жашоо усулун пропагандалоо күчөп жатат. Бул “динде” аалым-олуя, устат-шакирт, можиза-керемет, дуба-береке, ибадат, адеп-ахлак, адал-арам, бейиш-тозок, сакал-жоолук түшүнүктөрүнүн ордун “менимче”, “акылга гана отурган”, “Кудай анчалык майда бир Зат эмес”, “биз Батыштан артта калдык” деген напсиге жаккан система сунушталат.
Демек өзүңүздү, үй-бүлөңүздү, өлкөнү сактайм десеңиз, анда Исламды терең изилдеп, үйрөнүп, анын өкүмдөрү менен бекем жашаңыз. Куткарылуу жалгыз гана Исламда!
Урматым менен, Нуриет Абдулазиз
198 views12:54