2022-08-22 17:33:35
ЖҮК-200
Жүк-200... Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?
Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек...
Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай...
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы өзүн чыдатпай?
Тирүү калган... Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт...
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!
Эл бийлеген бектин, байдын, жакшынын,
Катасы сен, бирок алар билишпейт.
...Өз кайгысын көрбөгөндөр бактылуу.
Төмөн турган төмөндүктү бийик дейт...
Жүк-200... Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?..
Нарсулуу Гургубай
1.5K views14:33