2022-04-18 09:07:05
ЭКИ НУР
⠀
Жараткан Алла Таала, Муса (а.с) пайгамбарга айтты:
⠀
- Мен Мухаммед пайгамбардын үммөттөрүнө эки караңгылыктан кутулуусу үчүн эки нур бердим.
Муса пайгамбар:
⠀
- Ал эки нур эмне?- деп сурады.
Алла Таала:
⠀
- Ал эки нур ОРОЗО жана КУРАН нуру.
Муса пайгамбар:
⠀
- Ал эки караңгылык эмне?
Алла Таала:
⠀
- Кабыр караңгылыгы жана кыямат караңгылыгы,- деди. ..
⠀
Адам баласына өлүм сааты келгенде үч бөлүккө бөлүнөт экенбиз.
⠀
Биринчиси "рухубуз"- Алла Таала үчүн,
⠀
Экинчиси: "амалдарыбыз"- өзүбүз үчүн..
⠀
Үчүнчүсү: ал эми "денебиз"- курттар үчүн ажырап кетет.
⠀
Ошондуктан өзүбүз үчүн жасалган амалдарыбызды Аллах Таалам кабыл кылган болсун. Мына бүгүн биз хадисте айтылгадай Жараткандын нуру төгүлүп жаткан ыйык күндөрдө жашап атабыз. Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи васаллам хадисинде айтат:
«Куранды окугула! Чындыгында ал кыямат күнү аны окугандарга шапаат кылып келет». (Сахих Муслим)
⠀
Ал эми башка бир хадисинде мындай деп айткан:
«Кыямат күнү орозо менен Куран пенде үчүн шапаат кылышат. Орозо айтат: «Оо, Раббим! Мен аны күндүзү шакыбатынан жана тамагынан тыйдым. Мага бул пендеңе шапаат кылууга уруксат бер. Куран айтат: «Мен аны түн уйкусунан калтырдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер. Ошондо ал экөөнө шапаат кылууга уруксат берилет». (“Муснад”, Ахмад)...
⠀
Эми ойлонуп көрүңүз. Башка айларда курандын ар бир тамгасына он сооп алсаңыз, а бул улуу айда жетимиш, жети жүз, балким Аллахтын бул айда сырлуу сыйынан чексиз сооптор менен сыйланасыз. Ал сиздин ниетиңизге, жүрөгүңүзгө, ыкласыңызга көз каранды. Акыретте ушундай кыпынчалык соопко муктаж болобуз, "Алиф! ", тамагасынын көлөкөсүн издеп калабыз. Бир тамга болсо да билбесең үйрөнүп, билсең окуп, үйрөтүп мүмкүнчүлүктү пайдаланып кал бир тууганым! Аллахым баарыбызга эки нурун насип кылсын.
⠀
Рамазан айыңыздар маарек болсун!
⠀
Насиба Абдуллаева
1.5K viewsedited 06:07