Get Mystery Box with random crypto!

УШУНДАЙ ИНСАН БОЛ! ⠀ Мен адептүү, чыныгы эркек сыпаты менен ' | Дил азык🌾

УШУНДАЙ ИНСАН БОЛ!

Мен адептүү, чыныгы эркек сыпаты менен "ата!" деген атка татыктуу адамдарды жакшы көрөмүн. Алар - апасын, аялын, кызын, карындашын көзүнүн карегиндей сактап, коргоп, сыйлап баалагандар. Ачууланганда колун да, тилин да тийгизбей, сабырдуулук менен жакшылык-жамандыкта жандап, өзү үчүн эмес үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн жашагандар.

Мен ыймандуу, Аллахтан корккон, жакшылыкка шашылган, алсыздарга кол сунган март инсандарды жакшы көрөмүн. Алардын сөзүнөн амалы көп аларды сүйүү чоң бакыт. Алар - тикенектүү жолдордо бирге басып, кыйын күндөрдө колуңдан тартып, жардам бергендер.

Мен асыл, кымбат, илимдүү адамдарды сыйлаймын, аларды издеймин. Алардын гүл жыттанган аралына карап суктанамын, сугарыламын, үлгү алып өзүмдүн аралымды кооздоймун. Алар жоопкерчиликке, аманатка, убадага бекем тургандар. Таарынганда таштап кетпейт, кечиримдүү болушат, чыккынчылык кылбайт. Алар - бардык жакшылыкта биринчи болгондор…

Сиз ушундай инсан болуңуз, ата - апаңыз ыраазы болгондон дубасы сиз менен болсун. Аялыңыз, балдарыңыз сүйүп, жолуңузга карап күтүп сыйыңызды жогору коёсун. Досторуңуз, жакындарыңыз жакшы көрсүн, жакшылыгыңыздан Жаратканым жакшылыгы менен сыйласын, дайыма жолуңуз ачык, иштериңиз ийгиликтүү, жашооңуз берекелүү болсун...

Автор: Насиба Абдуллаева.