2022-04-20 09:02:28
БУТ КИЙИМДЕГИ АКЧА
⠀
Устат менен шакирт эгин талааны жарып өткөн чыйыр менен келе жатса, жол четинде эскилиги жеткен бут кийим жатыптыр. Шакирт шум жигит болчу, устазына карап:
— Чамасы, бул эгин суугарып жүргөн дыйкандын бут кийими окшойт. Катып койсок, эмне дейсиз? Келип, бут кийимин таппай, издегенин бир тамаша кылалы, — дейт.
— Кедейлерди кыжалат кылып, өзүбүздүн кызыкка батканыбыз жакшы иш эмес. Андан, көрө, чындап тамаша кылгын келсе, бут кийимине акча салып коёлу да, анан аңдып туралы эмне болоор экен? — дейт устаты. Устазынын кеңеши көңүлүнө жаккан шакирт макул болду да бут кийимге акча салып, экөө чөп арасына жатып андый баштады. Көп өтпөй жүзү күнгө тотуккан бозоро оңуп, өңүөчкөн чапанынын этегин белине түрө байланган бир адам келип, ылай болгон бутун шиберге сүртүп бут кийимин кийе жөнөдү. Бирок бутуна урунган бир нерсени сезип, бут кийимин какты эле ичиндеги акча чачылып кетти. Чачылган акчаларды көргөндө дыйкан көргөн көзунө ишенбей, дендароо болуп туруп калды. Бир аздан кийин өзүнө келип, эки жагын каранды. Айланада тирүү жан көзгө илинбейт. Акчаларды шаша буша койнуна тыгып, тизелей отура калган дыйкан колун асманга сөзүп: » Оо, Жараткан, менин абалымды менден да жакшы Билүүчусүң. Аялым ооруп төшөктө жатканын балдарым ая-жыланач отурганын жакшы билесин. Башыбызга түшкөн балээден куткарганына шүгүр. Өзүнө чексиз чексиз шугур, шүгүр….» — деп көз жашын төгүп жиберди.
Чөп арасында аны карап отурган шакирттин көз жашы агып жатканын көргөн устаты.
— Азыр мурдагы абалындан бактылуу экеңинди сезип тургандырсын? Биринчи максатынды ишке ашырганда абалын таптакыр башкача болмок — деди шыбырап.
— Устаз, өмүр бою эстен чыкпай турган сабак алдым. » Бергендин бактысы, алгандын бактысынан таттуу болот » дегенди эми түшүндүм, — деди көз жашын сүртүп..
⠀
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтып кеткен: «Чындыгында Аллахка эң сүйүктүү иш – момун адамдын жүрөгүнө кубаныч киргизгениң жана кайгы-капасын кетиргениң же анын карызынан кутултканың же (тамак берип) аны ачкалыктан куткарганың». (Байхаки)
⠀
Садака, жакшылык бактылуулук бакчасына ачылган чон эшик, кирип алсан ал бакчада жыргап, ырахаттануу менен жашайсың дегендей. Эгерде биз жашообуздун мыйзамына намаз, куран окугандай, орозо кармагандай, садаканы да бир бөлүгүнө айлантсак, күтүлбөгөн кайгы - кападан, балээ - кырсыктан, жаман оорулардан оолак болуп, Жараткандын коргоосунда болот элек ин шаа Аллах.
⠀
Аллах Таала Курани Каримде убада кылып жатат: "Эмнени садака кылсаңар, Аллах анын ордун толтуруп берет. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү" (34:39)
⠀
Садаканын Айрыкча азыркы улуу айда Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айткан хадисинде «Садаканын эң абзели (жакшысы) Рамазанда берилгени» (Имам Тирмизий)....
⠀
Береке асмандан төгүлгөндө, аны кармап калуу өз колуңузда. Бул мүмкүнчүлүк бүгүн бар, эртең жок, быйыл күбөсүз, эмки жылы жетесизби жокбу Жараткан билет! Акыретиңизге түшүм жыйноочу айды текке кетирбей, Бейишке кампаңызды сооптор менен толтуруп алыңыз!
⠀
Орозоңуздар кабыл болсун жакшылар! Жаратканым алуучу эмес берүүчү колдордон кылсын!
⠀
Насиба Абдуллаева.⠀
998 viewsedited 06:02