2022-08-26 08:03:58
КЫМБАТ ӨМҮР
Адамдын ѳмүрү ченелүү болот. Ченелүү ѳмүр ѳзүнүн жетишкендиктери менен баалуу.
Ченелүү ѳмүр – башкага берген таасир менен күчтүү.
Ченелүү ѳмүр – аркасында калтырган изи менен баалуу.
Кымбат - кымбат баалуу кийимдердин ичинде, кымбат - кымбат дарыга муктаж денелер көбөйдү...
Кымбат- кымбат унаалардын ичинде, кымбат - кымбат адамдык сыпатын жоготуп, " Мен, мен өзүм таптым, мен өзүм кылып жетиштим, меники " деген текебер жүрөктөр көбөйдү...
Кымбат - кымбат кабат бийик үйлөр ичинде, кымбат - кымбат мээрим тамчысын эңсеген жан дүйнөлөр көбөйдү...
Кымбат - кымбат илим казынасына суугарылган атак - даңктын ичинде, кымбат - кымбат адеби сөзүнө, амалы кылган ишине дал келбеген илим ээлери көбөйдү...
"Кооз жазуу оңой, кооз жашоо кыйын " дегени ушул тура.Кооз сүйлөө, кооз жылмаюу, кооз кийинүү, кооз үйлөр, кооз уналар, ичинде чыныгы кооз жашоого муктаж денелер жашаоодо.
Ооба, биз, " кымбат, ырахаттуу, баалуу ", - деп билген жашоо сахнасынын артында кымбаттыгын, баалуулугун, жоготкон ушундай арзан өмүрлөр жашап жатат. Өмүр бизге берилген Жараткандын кымбат белеги. Ал белекти кайтара турган күн келет. Кымбат баалуу өмүрүңүздүн сандыгын, Жаратканга жаккан, кымбат баалуу, өзүңүз менен кошо кете турган амалдар менен толтуруңуз. Бир күн болсо да адам болуп жашаңыз. Жараткан берсе да байлык, акчаны, мансапты жүрөгүбүзгө эмес, төгүлүп, жоголуп кете турган чөнтөгүбүзгө берсин. Өмүрдүн баалуулугу көп жашаганда эмес, аз болсо да Жаратканды, жакындарыңды ыраазы кылып, ыраазы болуп, ииз калтырып жашаганы менен баалуу. Бир келген кымбат өмүрдө, бир күн болсо да чыныгы сөзүңүз, чыныгы сүйүүңүз, чыныгы жылмаюуңуз менен кымбат адам болуп жашаңыз.
Жума маарек болсун жакшылар!
Насиба Абдуллаева.
2021/09/07....
1.4K views05:03