2022-07-17 11:49:00
БАКТЫҢЫДЫ ҮЙДӨН ИЗДЕ!
⠀
Көчөдөн бакыт издебе! Сен көчөдөн бакыт издейсиң, сени көчөдө күнөө издейт. Сен бакытты таба албайсың, бирок, күнөө сени табат. Көчө, базар, соода борбору, кафе, сулуулук салону, фитнес ж.б. булар сага бакыт тартуулабайт. Буларга зарылда гана бас. Буларга басууну максат кылып алба. Баарын акыркы орунга жылдырып сал.
⠀
Бактың үйүңдө.. сени күтөт.. Үйүңдүн сырткы каалгасын ачканда жүзүң жайнасын. Бул сенин үйүң..бул сенин чебиң... бул сени тозоктун отунан сактай турган тосмоң. Сени эки дүйнө бактылуу кылчу жер ушу.
⠀
Үйүнө батпаган, үйүнөн качкан, сыртты самаган аялдын өмүрү ушинтип, бакыт даамын татпай жүрүп өтүп кетет.
⠀
Үйүңдүн төрүндөгү бакытты, башканын короосунан издеп убара болбо!
⠀
«Үңкүр болсо да, үйүм болсун» дегени ошо. Үңкүрдөй үйүң болсо, үйдө сени «апалап» тосуп чыгар чүрпөң болсо, мындан өткөн бакытты кайдан издейсиң?! Ушуга шүгүр де, ушуга каниет кыл.
⠀
Автор: Алайчы Сеитбеков.
⠀
837 views08:49