2021-05-28 15:34:22
АЛЛАХ СҮЙГӨН ПЕНДЕСИНИН ДУБАСЫН ДАРОО КАБЫЛ КЫЛАТАли ибну Абу Харара айтат: «Апам жыйырма жылдай бутунан баспай калды. Күндөрдүн биринде мага:
– Имам Ахмад ибну Ханбалга барып, мага дуба кылып коюусун суранчы, – деди.
Мен жолго чыгып ага жөнөдүм. Анын үйүнө барып эшигин каксам, ичкериден:
– Бул ким? – деген үн чыкты.
– Баланча жерден келген адаммын. Апам бутунан баспай көп жылдан бери ооруйт. Ал сизден Аллахка дуба кылып коюңузду суранды эле, – дедим.
Ошондо үй ичиндеги адамдын ачуулангандай сөздөрүн уктум. Ошол жерден артка кайрылып жөнөп баратсам, үйдөн бир кемпир чыгып:
– Ахмад менен сүйлөшкөн сенби? – деп сурады.
– Ооба, – дедим. Ошондо ал:
– Ойлонбо, ал азыр апаңа дуба кылып жатат, – деди.
Ошентип мен үйгө дароо кайтып келип эшикти кактым. Ошондо апам өзү басып келип эшикти ачып: «Аллах мени айыктырды», – деп айтты.
"Сыфат ас-Софва", 2/611
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
1.5K views12:34