2021-06-07 09:43:50
ЖҮРӨКТҮ АЛТЫ НЕРСЕ ӨЛТҮРӨТ Хасан Басри, рахимахуллах, айтты:
– Адамдын жүрөгүнүн бузулушу алты нерседен пайда болот:
➀ Тообо кылам деген үмүттө күнөө кыла беришет.
➁ Илим алышат, бирок ага амал кылышпайт.
➂ Эгерде илимине амал кылышса, анда чын ыкластан кылышпайт.
➃ Аллахтын берген ырыскысын жешет, бирок Ага шүгүр кылышпайт.
➄ Аллахтын ага берген ырыскысына эч качан ыраазы болушпайт.
➅ Өлгөндөрүн көмүшөт, бирок өлүмдөн сабак алышпайт.
“Аль-Калим ат-Тайиб”, 234
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
2.7K viewsedited 06:43