Get Mystery Box with random crypto!

​​ АЛЛАХТАН СУРАСАҢ БЕРЕКЕСИН КОШО СУРА Салих адамдардын би | ТИЛМЕЧ

​​ АЛЛАХТАН СУРАСАҢ БЕРЕКЕСИН КОШО СУРА

Салих адамдардын бири дуба кылып жатып: «Оо, Аллах! Ырыскыма береке бер», – деп айтканда жанындагы бир адам андан:

– Эмне үчүн ырыскы бер деп гана сурабастан, ырыскыма береке бер деп айттыңыз, – деп сурады.

Ошондо ал мындай деди:

– Чындыгында Аллах таала ар бир адамдын ырыскысын белгилеп койгон. Ал кандай абалда болсо да бешенесине жазылган ырыскысына сөзсүз жетет. Бирок мен дайым Аллахтан ырыскыма береке тилеп дуба кылам. Анткени ал Аллахтын Өзү каалаган пендесине жибере турган аскерлеринен. Эгер ал адамдын байлыгына келсе, аны көбөйтөт. Эгер бала-чакасына келсе, аларды тууралыкка салат. Эгер адамдын денесине келсе, аны күч-кубаттуу кылат. Эгер жүрөгүнө келсе, аны бактылуулукка бөлөйт.

Оо, Аллах! Сен бизге ырыскы кылып берген бардык нерселерге береке бере көр!


ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз