Get Mystery Box with random crypto!

​​ ЖАМАН ОЙЛОР КЕЛГЕНДЕ УШУЛ ОКУЯНЫ ЭСТЕҢИЗ Талха ибну Абдур | ТИЛМЕЧ

​​ ЖАМАН ОЙЛОР КЕЛГЕНДЕ УШУЛ ОКУЯНЫ ЭСТЕҢИЗ

Талха ибну Абдурахман өз заманында курайш уруусундагы эң берешен адамдардын бири болгон. Күндөрдүн биринде аялы ага:

– Сенин досторуңдан өткөн начар адамдарды көрбөдүм, – дейт. Ошондо ал андан:

– Эмнеге? – деп себебин сурайт.

– Алар сен байыган кезде жаныңдан чыкпай калышат. Эгер эч нерсеси жок калсаң, бирөөсү да жаныңа басып келип койбойт, – дейт.

Ошондо Талха аялына мындай деп айтты:

– Аллахка ант болсун! Бул алардын адептүүлүгүнөн. Алар колубузда бар кезде көп келишкени, биз аларды сыйлаганга шартыбыз болот. Ал эми колубузда жок кезде келишпегени, бизди ашыкча кыйналып калбасын дешет. («Адаб ад-Дунья уад-Диин», 180)

Караңыз, досторунун адамгерчиликке жатпаган туура эмес мамилесин жакшылыкка жооруду, алар кыянаттык кылса да алар тууралуу жакшы гана ойлоду. Бул анын жүрөгүнүн жана ойлорунун таза экендигин билдирет. Мындай кылуу чыныгы ыймандуу адамдын сыпаттарынан. Анткени ал жаман ойлоого миң себеп болуп турса да, жакшы ойлоонун бир жолун табат. Эч качан башкалар тууралуу жаман ойлоого жол бербейт. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз