Get Mystery Box with random crypto!

​​ АЛЛАХ СҮЙГӨН ПЕНДЕСИНИН ДУБАСЫН ДАРОО КАБЫЛ КЫЛАТ Али ибн | ТИЛМЕЧ

​​ АЛЛАХ СҮЙГӨН ПЕНДЕСИНИН ДУБАСЫН ДАРОО КАБЫЛ КЫЛАТ

Али ибну Абу Харара айтат: «Апам жыйырма жылдай бутунан баспай калды. Күндөрдүн биринде мага:

– Имам Ахмад ибну Ханбалга барып, мага дуба кылып коюусун суранчы, – деди.

Мен жолго чыгып ага жөнөдүм. Анын үйүнө барып эшигин каксам, ичкериден:

– Бул ким? – деген үн чыкты.

– Баланча жерден келген адаммын. Апам бутунан баспай көп жылдан бери ооруйт. Ал сизден Аллахка дуба кылып коюңузду суранды эле, – дедим.

Ошондо үй ичиндеги адамдын ачуулангандай сөздөрүн уктум. Ошол жерден артка кайрылып жөнөп баратсам, үйдөн бир кемпир чыгып:

– Ахмад менен сүйлөшкөн сенби? – деп сурады.

– Ооба, – дедим. Ошондо ал:

– Ойлонбо, ал азыр апаңа дуба кылып жатат, – деди.

Ошентип мен үйгө дароо кайтып келип эшикти кактым. Ошондо апам өзү басып келип эшикти ачып: «Аллах мени айыктырды», – деп айтты.

"Сыфат ас-Софва", 2/611

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз