Get Mystery Box with random crypto!

​​ БЕЙИШ ТУУРАЛУУ СИЗ БИЛБЕГЕН БИР НЕРСЕ Аллах таала Куранда | ТИЛМЕЧ

​​ БЕЙИШ ТУУРАЛУУ СИЗ БИЛБЕГЕН БИР НЕРСЕ

Аллах таала Куранда айтат:
«Бейиште алар үчүн эртели-кеч ырыскылар бар. Биз ал бейишти пенделерибиздин ичинен такыбаларына ыйгарабыз». (Марьям сүрөөсү, 62-63-аяттар)

Ибну Касир бул аяттагы «эртели-кеч» деген сөздүн маанисин мындайча тафсирлеген:

«Бейиште күн-түн деген болбойт. Алар түбөлүктүү нурда болушат. Алар үчүн күндүн жана түндүн чектери болот, түндүн чегин тосмо пардалардын жана эшиктердин жабылышы менен билишет, ал эми күндүздүн чегин тосмо пардалардын жана эшиктердин ачылышы менен билишет».

Ал эми Имам Катада бул аят тууралуу мындай деп айткан:

«Бейиште эки убакыт бар – таңга маал жана кечке маал. Ал жакта күндүз да, түн да болбойт. Чындыгында ал нур жана жарык болот».

Ал эми кээ бир аалымдар айтышкан:

«Бейиште Күн да, Ай да болбойт. Күндүз да, түн да болбойт. Таңдын атканы жана кечтин киргени Арш тараптан келген нур аркылуу билинет».

"Аль-Жаннату уан-Наар", 174-бет


ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз