2021-05-11 20:42:38
Баарыбыз билгендей бүгүн тез окуу жөнүндө маалымат алабыз
Тез окуу деңгээлиңизди кантип билсеңиз болот?
Китеп окуу ылдамдыгын жана окуу ассимиляциясын текшере аласыз. Ал үчүн таймер коюп, кыскача тааныш эмес текстти окуп, андан кийин суроолорго жооп берип, канчалык тез окуганыңызды гана эмес, окуганыңызды эсиңизде сактаганыңызды да биле аласыз.
Баарыбызга белгилүү болгондой китепти тез гана эмес эсте каларлык кылып да окуу керек
Биздин орточо окуу ылдамдыгыбыз мүнөтүнө 200-400 сөз. Тез окуу көнүгүүлөрүн жасаган адам мүнөтүнө 1000ден ашык сөздү өздөштүрө алышат.
Концентрацияны, тез окууну өркүндөтүү үчүн Шулте таблицасы жардам берет.
Шулте таблицасы 25 уячадан турган таблица, алардын ар бири туш келди ырааттуулукта 1ден 25ке чейинки сандарды камтыйт.Мындай тапшырма аларды мүмкүн болушунча тез арада түз же тескери тартипте табуу. Бул көрүнүштүн көңүл бурууну өнүктүрүп, бир эле учурда бир нече нерсеге токтолууну үйрөнүүгө жардам берет. Ар бир көнүгүүдө сандардын жаңы жайгашуусу менен таблицаны колдонуп, тапшырманы аткаруу убактысын белгилеп көрүңүз, канчалык көп кайталасаныз ошончо тез табасыз, бул тез окууга жана көңүл бурууну өркүндөтүүгө жардам берет
Дайыма социалдык тармактарга алаксып жатып китеп окуу жакшы идея эмес. Көңүл бурбоо маалыматты жай окуунун жана начар өздөштүрүүнүн негизги себептеринин бири. Окууну, графикке ылайык бөлүштүрүү үчүн убакытты талап кылган олуттуу тапшырма деп эсептеңиз. Жакшы, жарык жерде өзүңүзгө ыңгайлуу жерде окуңуз. Эгерде сизде эч кандай билдирүү келбесе дагы, смартфонуңузду тынымсыз текшерип турган жаман адат болсо, китеп окуп жатканда телефонду мүмкүн болушунча бир жакка таштаңыз, көзүңүз көрбөй турган жака, болбосо кайра эле алаксып китеп окуп жатканыңызды унутуп каласыз.
140 viewsAkmöör, 17:42