2021-12-06 11:12:33
#денсоолук
Ал эми чаңдан тери кургап,жарылат.
Табигый кошулмалардан жасалган самындарды, суюк самындарды колдонуңуз. Арзан самындарга химиялык элементтер көп кошулгандыктан, териге терс таасирин тийгизет.
Колго жумасына 2 жолу маска, скраб, ванна жасап туруңуз. Анан да күн сайын унутпай азыктандыруучу, нымдаштыруучу кремден сүйкөп туруу керек. Унутуп калбаш үчүн көрүнүктүү жайга коюңуз. Мүмкүн болсо сумкаңызга, жумуш ордуңузга жана жуунуучу жайга бирден коюп коюнуз.
Бош убактыңызда манжаларыңызга массаж жасаңыз. Бул кандын жакшы айлануусун камсыздайт.
МАСКАЛАР
Эң жөнөкөй жана классикалык маска - зайтун майы. Кечинде аталган майдан колго 5-6 тамчы тамызып, териге сиңире сүртүп, кол кап кийип жатыңыз. Терини жумшартып, азыктандырат. Зайтун майынын ордуна өсүмдүк майын да колдонсоңуз болот.
.1 жумуртканын сарысына 2 чай кашык бал жана 2 чай кашык өсүмдүк май аралаштырып сүйкөп, 20 мүнөткө калтырыңыз. Мындан кол териси азыктанып, нымдалышып, жылмакай болуп калат.
Кофе, какао жана зайтун майынын аралашмасы кол териси үчүн табылгыс спа- процедура болуп саналат. Бул процедураны колдонуу менен терини азыктандырып, жылмакай кыла аласыз.
Кумшекерге бир аз жуунууда колдонуучу нымдаштыруучу гелден кошуп скраб даярдоого
болот. Терини нымдаштыргандан сырткары жарылган териден арыласыз. Бул скрабды колго гана эмес, бутка, денеге колдонууга болот.
Кумшекер+зайтун майынан жасалган скраб терини азыктандыргандан тышкары тырмактарды бекемдейт. Aр бир процедурадан кийин керектүү кол кремдин түрүн тандап колдонууну унутпаңыз.
232 viewsAkmöör, 08:12