2021-11-30 12:06:22
#Тезокуу
Китеп окуганга кызыкпайм, кантсем, китеп окуй алам
Сиз жөн гана сизге жаккан китепке туш болгон жоксуз. Биринчиден, сизди эмнеге кызыгарыңызды чечишиңиз керек: фантастика, романтика, детектив.... Учурдун талабына ылайык келген китептерди окуңуз, башкача айтканда, классикалык, мотивация берүүчү, балким заманбап...... Же сиз кимдир бирөөгө кандай жанрдагы китеп жагаарын сурасаңыз болот, алардын сунушуна көрө китеп тандасайсыз.
Эң башкысы кызыкпаган китепти аягына чыгам деп убара болбоңуз, окуганыңыз менен эч кандай пайда ала албашыңыз толук мүмкүн.
Такыр кызыкпайм десеңиз, бирок окугуңуз келсе анда кыска тексттерди, өмүр баяндарды, аңгемелерди ж.б окугуңуз. Акырындап китеп окуганга да кызыга баштайсыз.
Китеп дүкөндөрүнө барыңыз, түрдүү китептерди көргөндө окугуңуз келет.
Окусаңыз да окубасаңыз да өзүңүз үчүн. Мына ушуну эстеңиз.
Аудио китептерди угуңуз
158 viewsAkmöör, 09:06