Get Mystery Box with random crypto!

💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Telegram арнасының логотипі asyloilorng — 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер О
Telegram арнасының логотипі asyloilorng — 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер
Арна мекенжайы: @asyloilorng
Санаттар: Дін , Фактілер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.40K
Арнадан сипаттама

🦋Өзүн таанууга, пайдалуу иш менен элге кызмат кылып, Аллахтын ыраазычылыгына жеткен сүйүктүү кул болууга аракеттенген студенттин блогу.
💌 @gulzinanur24 - жеке байланыш үчүн.

Ratings & Reviews

2.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

2

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 10

2022-02-18 18:55:15
327 views15:55
Ашу / Түсініктеме
2022-02-16 20:59:01 Көрө албастык, кызганчаактык- ар бир инсанда мейли аз, мейли көп өлчөмдө болсун, жан дүйнөсүнө тынчтык бербей, ыраазы болуп жашоосуна тоскоолдук кылган инсандагы Аллах тарабынан жек көрүлгөн сыпат.

Мындан бир-эки ай мурда мен өзүмдөн ушул сапатты байкадым. Анан бул сапат менен жашоо аябай оор экенин аңдап жетип, youtube'дан лекцияларды уга баштадым. Биринчи он мүнөтүндө эле өзүм билип билбеген абалда канчалык шүгүрсүздүк келтирип алганымды, аз болсо динден да чыгып кете жаздаганымды билип, силер менен да бөлүшкүм келди. Анткени, жалпысынан биз бул сезимге анчалык деле маани бербейбиз. Адамда бар кубулуш катары кабыл алабыз.

"Дүйнөдө 7миллиард инсан болсо, алардын баарына ырыскы Берүүчү жалгыз Аллах. Баардык адамдарга ырыскы тараткан Аллах болсо, демек ал ошол адамга берүүнү каалады. Ал Анын чечими. Эгерде Аллахтын кулдарынын бирөөнө көрө албастык кылсак, өзүбүз каалап-каалабаган абалда Жаратканыбызга каршылык көрсөтүп алган болобуз. (Аллах өзү кечирсин) Ырыскы Таратуучубуз Мээримдүүлөрдүн Мээримдүүсү, Ырайымдуулардын Ырайымдуусу анан дагы Адилеттүүлөрдүн Адилеттүүсү! Аллах каалады- Аллах берди."
Менимче, бирөөгө көрө албастык кылаардан мурун ага ал ырыскыны Берүүчү эң Адилеттүү жана Мээримдүү экенин эстөө жетишээрлик деп ойлойм.

Хадистерде айтылат: "Көрө албастык(зависть) топтогон бардык жакшы амалдарыңды от кургак отунду кандай куйгүзсө, ошондой тездикте күйгүзүп жок кылат".

Аллах Таала Куранда: "Эгеңер: Эгер шүгүр кылсаңар, силерге (жакшылыктарымды) көбөйтөмүн, а эгер каапырлык кылсаңар азабым катуу"- деп жарыялады." (Ибрахим/ 7)
Башка бирөөгө берилген ырыскыга көз артуудан ага эч кандай зыян келбейт, бизге да эч кандай пайда жок. Тескерисинче эң чоң кризиске кирген болобуз. Аллах сактасын .
165 views17:59
Ашу / Түсініктеме
2022-02-16 17:34:01 "Эч качан эсиңден чыгарба, Аллахтын бизге койгон планы сен экөөбүздүн каалоолорубуздан алда канча жогору"
179 views14:34
Ашу / Түсініктеме
2022-02-16 06:30:43 КЕЧИККЕН БАКЫТТЫН ДААМЫ

Жусуп пайгамбар зынданда жатканда аны менен эки адам бирге болгон. Ал тиги экөөсүнө жакшы мамиле жасап, сый-урматка бөлөчү. Аллахтын буйругу экен тиги экөө Жусуптун мурда зындандан чыгып кетишти. Жусуп болсо алардан соң дагы жети жыл зынданда калды. Бирок, тигилердин бири кызматчы-кул болуу үчүн чыгарылса, экинчиси өлүмгө тартылуу үчүн чыгарылган эле. А Жусуп алардан жети жыл кийин чыкканы менен падышанын казына башчысы болуу үчүн чыгарылды.

Ийгилик, бакыт канчалык кечигип келсе, ошончолук баалуу да, даамдуу да болору бышык.
265 views03:30
Ашу / Түсініктеме
2022-02-13 15:29:49 Асыл Ойлор | Өзүн-өзү өнүктүрүү pinned «Экинчи бөлүм. ХАДИСТЕРДЕ СҮННӨТКӨ ЭЭРЧҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ Сүннөткө эргешпеген Бейишке кире албайт. Абу Хурайра (р.а)дан риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Силер баарыңар Бейишке киресиңер, бирок кимдер менден баш тартса алар кирбей. Сахабалар…»
12:29
Ашу / Түсініктеме
2022-02-12 05:10:02 Экинчи бөлүм.

ХАДИСТЕРДЕ СҮННӨТКӨ ЭЭРЧҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

Сүннөткө эргешпеген Бейишке кире албайт.
Абу Хурайра (р.а)дан риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Силер баарыңар Бейишке киресиңер, бирок кимдер менден баш тартса алар кирбей. Сахабалар (р.а) сурашты: "Ким сизден баш тартат?" Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Ким мага баш ийсе, ал Бейишке кирет, ал эми ким мага эргешпесе ал баш тартты. Б.а менин сүннөткө эргешпесе ал Бейишке кирбейт.

Алсызданган сүннөткө жандандыруунун сообу

Абу Хурайра (р.а)дан риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:
"Менин сүннөтүмдүн кайсыл бири алсызданган(элдин көпчүлүгү көңүл бөлбөй, бейкапар болуп калганда) убакта, менин ал сүннөтүмдү жандандыруучуларга(ал сүннөткө өзү амал кылып, башкаларды да тартса, кызыктырса) жүз шейиттин сообу берилет."

Пайгамбарыбыз (с.а.в)ды сүйүүнүн белгиси сүннөткө ээрчүү
Анас (р.а)дан риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: Ким менин сүннөтүмдү тирилтсе, ал мени сүйдү. Ким мени сүйсө, ал мени менен Бейиште бирге болот." (СубханАллах)

Сүннөт гана кутулууга себепчи
Ибн Шихаб Зухри (р.а) айтат: "Мага сахабалардан ушул сөз жетти:" Сүннөттү бекем кармоо- бардык кыйынчылыктан кутулууга себепчи".

Сүннөттү кармоочу адашпайт.
Абу Хурайра (р.а) риваят кылат: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Мен силерге эки нерсени калтырып кетти. Алардын себебинен силер менден кийин адашпайсыңар: биринчиси Аллахтын ыйык китеби, анан менин китебим."

Күнүмдүк эле жашообузду сүннөткө ылайык өткөрүү менен Бейишке болгондо да, Аллахтын сүйүктүү элчиси Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) менен бирге болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот экенбиз.
Бул посттун алдында 20 " " пайда болгон соң, кийинки бөлүмдө сүннөткө ылайык тамактануу эрежелеринe токтолобуз, иншаАллах )
267 viewsedited  02:10
Ашу / Түсініктеме
2022-02-12 05:08:01
Өзүн өзү өнүктүрүү жаатындагы китептерден, лекциялардан жыйналган аздыр көптүр маалыматтарга таянып, өзүмчө мындай тыянакка келдим:
Өзүн өнүктүрүү үчүн тизмеленген өзүн өзү баалоо, өзүнө ишенимдүү болуу, дисциплина анан акырында жыйынтык булардын баары биринчи кадамдан тагыраагы аракеттен башталат экен.

Аффирмация экен деп "Мен сулуумун", "Мен татынакаймын" деген ишенүү өзүңө да кыйын болгон сөздөрдү 100 жолудан кайталаганча, Аллахка зикир чалсаң, Аллах берген нур аркылуу сулуу болушуңа ыктымалдуулук көбүрөөк окшойт деп ойлоп калдым акыркы күндөрү .

Өзүмдөн көп байкаймын. Күнгө түзгөн пландардын баарын аткарган күндөрү өзүмө баам күчөй түшөт. Өзүмө сөз берген жумуштарды аткарган соң, алда канча ишенимдүү болом. Ошол эле убакта дисциплиналуу болуу да оңой. Адам өз аракетин көрө баштаганда ишеними да жогорулайт экен. Чындыгында ийгилик ага кеткен жол менен кызыктуу.
267 views02:08
Ашу / Түсініктеме
2022-02-08 15:49:36 Асыл Ойлор | Өзүн-өзү өнүктүрүү pinned «Биринчи бөлүм. КУРАНДА СҮННӨТКӨ ЭЭРЧҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫ "Эй, ыймандуулар, Аллахтан коркуп, Анын элчисин ээрчигиле" (Ал Имрон 32) "Ким пайгамбарга баш ийсе (аны ээрчисе), албетте, ал Аллахка баш ийгени" (Ниса 80) Анткени, Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын ар бир…»
12:49
Ашу / Түсініктеме