Get Mystery Box with random crypto!

💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Telegram арнасының логотипі asyloilorng — 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер О
Telegram арнасының логотипі asyloilorng — 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер
Арна мекенжайы: @asyloilorng
Санаттар: Дін , Фактілер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.40K
Арнадан сипаттама

🦋Өзүн таанууга, пайдалуу иш менен элге кызмат кылып, Аллахтын ыраазычылыгына жеткен сүйүктүү кул болууга аракеттенген студенттин блогу.
💌 @gulzinanur24 - жеке байланыш үчүн.

Ratings & Reviews

2.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

2

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 39

2021-05-04 20:38:56
2.5K views17:38
Ашу / Түсініктеме
2021-05-04 20:38:31 "Баткендиксиң..дейбиз ээ жай турмушта,
Баары келип алышты борборго,- деп..
Башкачараак сүйлөйт деп кергиштейбиз,
Батырбайбыз, сүйбөйбүз "..ошолор" деп.
Базарларда араба сүйрөшкөнүн -
Бардак,- дейбиз, фу!- дейбиз чокчолоңдоп.
Баштыгыңды джибиңе жеткирсе да,
Баалабайбыз мээнетин корсолоңдоп.

Баткен жакта чуу чыкса, согуш чыкса,
Баягылар тынчыбай койду дейбиз..
Баарын кылдат, түзүктөп иликтебей,
Бала өлсө, жаш өлсө, кары өлсө..
Бардык, көрдүк, тактадык "өлдү.." дейбиз.
Барат чоңдор, жолугат, мөөр басышат..
Бүттү. "Достук түбөлүк болду"- дейбиз.
Бир күнү анан кайрадан, согуш, өлүм..
Билип туруп "болоору болду" дейбиз.
"Баткен жалгыз эмессиң!" демиш болуп,
Баракчага "лайк" басып ойгонобуз.
Бахх ваннада жатабыз, колдо кофе,
"Баткеним.." деп калп эле толгонобуз...

Эзел мурун Баткенге барбагандар,
Элден мурун ээлигип жетип барат.
"Эл жер үчүн!" камаздар жүк артынып,
Элиталар "элим!" деп кетип барат.
Погону чоң, жүрөксүз генералдар
Поктун ишин чечпестен бөгүп жатат...
Папурусту түтөтүп ойлонгуча,
Пароходу өлкөмдүн чөгүп барат.
Четте жерин алдырган баткендиктер,
Чепти коргоп күрөшөт, канын берет.
Чепейген бир кемпирлер, абышкалар,
Чегинишпей өлкө үчүн жанын берет.

Ага-иниси чабышкан тажиктерди,
Арачалап калды элек жок болоордо,
Айкөл кыргыз, көл кыргыз, кенен кыргыз,
Абдан сооп иш кылды эле ана ошондо.
Өмүр берсең ордуна өлүм берип,
Өчөшкөнү эмнеси?! Алла тообо..
Өз жериңден өзүңдү кууп чыгып,
Өрттөп жатат үйүңдү алоолонто..
Жолду берген, суу берген, нанды берген
Жооштугубуз жеттиби түбүбүзгө?
Унаасына май берсек, аны кайра,
Узун тумшук танкеге куюп алып,
Удаа-удаа аткылайт бизди неге?..


Эрнис Кыязов
2.4K views17:38
Ашу / Түсініктеме
2021-05-04 01:23:01
•••Рамазан, шашпачы...
3.0K views22:23
Ашу / Түсініктеме
2021-05-03 18:55:34
•••Жүрөгүм канап жатат...
Акыркттеги ордун Бейиште кылган болсун. Үй-бүлөсүнө Аллахым сабыр берсин!
2.5K views15:55
Ашу / Түсініктеме
2021-05-02 21:38:41 Өлөмүнбү? Жашоо бүттүбү? Кыялдарым, максаттарымчы? Арзуу тилектерим? Баарысы бир бомбанын астында талкаланып кала береби? Жо-жок! Мен өлгүм келбейт! Жашагым келет! Мен үйрөнбөгөн көп нерсе, көрбөгөн али көп жер бар. Дагы жашашым керек. Кийинки муун мени тааныгандай, эстегидей болгонго чейин, ошондойлук эмгек кылганга чейин өмүрүм болушу керек.
"Аллахтын буйругу алдында сенин каалооң бир тыйын" дегиң келип турабы? Макул, де. Айт. Эмне кыла алам? Ушул жерде өлүү жазылган болсо каршы чыга аламынбы? Үй-бүлөңдү көрбөй туруп өлөсүң деген болсо, эмне дей алам? Тагдырга каршы чыгуу колуман келмек беле?! Сен дагы миңдеген адамдардын ичинде оо дүйнө аттанып кете бересиң деген болсочу?!
Жалгыз сүйүнтүргөн нерсе ушул текстти жазып атып, көзүмө жаш келди. Демек мен тирүүмүн! Тирүүмүн! Телефон кармап олтуруу деген- коопсуз жайдасың дегени! Коопсузмун!

Бешенедеги нерсени ким биле коюптур? Мүмкүн бул түш? А эгерде түш болсочу? Ошондой болгондо... Жок. Түш эмес. Түш болгондо автоматтын такылдаган үнүнөн чочуп ойгонуп кетмекмин. Же эки элдин тамашасыбы? Ошондой болсо керек. Айылдаштарынын нашүкүр болуп кеткенин көрдү да, эркиндикти барктабаганын, бейпилчиликти баалабаганын сезди да, "эсине келтирип коёлу" деп сүйлөшүп алган болсо керек. Же адамгерчиликти сынагысы келдиби? Эгер ошондой болсо, билгиле! Адамгерчилик өлө элек экен. Көчмөн кыргыздын каны дагы деле бар экен. Жоголо элек экен. Акыркы малы менен коноктогон кыргыздар дагы деле бар экен. Мүмкүн, болуп аткандардын баары атайын даярдалган. Интермедия! Ооба, ошондой эле.
Коркуп-үркүп, качкандарга, бирөөнүн үйүндө күн кечирип жаткандарга айтайын. Жакшы кабарды, жакшы оюмду кабарлайын. Алардын жалганын ачып алганымды, тезирээк айтайын. Барышсын. Үйүнө кетишсин. Өз үйүндө ээн-эркин жашашсын. Коркууга негиз жок экенин кабарлайын. Ооба, ошентейин.
Мага окшоп башка элден паана издеп келген досум мага карап келатат. Зээриксе керек. Же сагындыбы? Ал дагы үй-бүлөсүнө куса болдубу? Ыйлап алыптыр. Жогорудагы оюмду ага да WhatsApp'тан жазган элем. Сүйүнгөнүнөн ыйлап атса керек. Оюма кошулду көрүнөт.

"Жалганчы! Сенин айыңан... Сенин айыңан агам өлдү. Өлдү! Уктуңбу?! Агамды өлтүрдүң! Сен! Сен өлтүрдүң! Сенин кайдагы сандырак ойлоруңа ишенип...
3.0K views18:38
Ашу / Түсініктеме
2021-04-30 17:54:03 Ассаламу алейкум, кандайсыздар. Биз Баткен эли дубаңыздарга муктажбыз. Зикир тарталы сураныч. Балким тартып жаткандырсыздар. Аллах ыраазычылыгы үчүн

ЛАА ИЛЛААХА ИЛЛА АНТА СУБХААНАКА ИННИИ КУНТУ МИНАЗ ЗООЛИМИИН

Ушул зикирди айталы ким канча айтса да. Сураныч.

Аятул Каримди 250 миллион жолу окуу чынжырын баштадык.

ЛАА ИЛЛАХА ИЛЛА АНТА СУБХАНАКА ИННИ КУНТУ МИНА ЗААЛИМИН.
Аллах бизди колдосун (Субханаху ва Та'аля).

Бул билдирүүнү алган замат токтоосуз жөнөтүңүз .
4.1K viewsedited  14:54
Ашу / Түсініктеме
2021-04-29 03:10:00 #күндүнхадиси
Абу Умама (р.а) Аллахтын элчиси (с.а.в)дын мындай дегенин кабарлайт:
"Аллах жолунда бир күн бою орозо кармаган ар кайсыл пенденин жүзүн Аллах сөзсүз оттон асман менен жердей оолак кылат"

Марафон #орозодо30күн
Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, ооруп аткандарга же мечит, медреселерге жыйылган акчага сиз дагы өз үлүшүңүздү кошуңуз. Берешен бололу.
3.7K viewsedited  00:10
Ашу / Түсініктеме
2021-04-28 18:57:53 Нуржигит Кадырбеков "Азиянын арстаны"

"Япон кереметинин сыры", "Ант", "Ээсине кайткан роза" аттуу канчалаган окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан китептердин автору, Нуржигит агайыбыздын жаңы чыккан китебин окууга мен дагы силердей эле ынтызар болуп таптым.
Китеп боюнча эч кандай маалыматым жок окуп баштадым. "Азиянын арстаны" дегенде "Ант" сыяктуу өз ааламына тарткан чыгарманы элестетип баштадым. Бирок, биринчи 20 беттен кийин акыл-насаат, таалим-тарбия китеби экени белгилүү болду. Чыңгыз Айтматов агайыбыз айткандай, өзү ой жүгүртө ала турган кишиге акыл айтсаң, китеп окуу кызыкчылыгы төмөндөп кетет окшойт. Балким, азыркылар ушундай китептерге муктаждырбыз...
БИРОК, көпчүлүк насааттар сонун мисалдар аркылуу тарбиялык маанисине жеткирген. Дайымкыдай Нуржигит агайыбыздын сөз чеберчилигине таң берип окуп отурдум. Агай өз жашоосун, иш сапарын, күндөлүгүн жазып, алардын ичинен жыйынтык чыгарууну окурмандын өзүнө койгон.
10/8

Сиз дагы көпчүлүктүн суроо талабын туудурган китепти окуганга жетиштиңизби? Кандай ой-пикир кошо аласыз?
#китепкеобзор
3.4K viewsedited  15:57
Ашу / Түсініктеме
2021-04-28 18:57:47
2.8K views15:57
Ашу / Түсініктеме
2021-04-26 02:33:39 #күндүнхадиси
Абдуллах бин Амр бин ал-Ас (р.а) Аллахтын элчиси (с.а.в)дын мындай дегенин кабарлайт:
"Ар ай сайын үч күндөн орозо- үзгүлтүксүз орозого барабар.

Марафон #орозодо30күн
Ооруулуну зыярат кылып келиңиз. Өз коопсуздугуңузду ойлогонду да унутпаңыз.
3.6K viewsedited  23:33
Ашу / Түсініктеме