Get Mystery Box with random crypto!

Экинчи бөлүм. ХАДИСТЕРДЕ СҮННӨТКӨ ЭЭРЧҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Экинчи бөлүм.

ХАДИСТЕРДЕ СҮННӨТКӨ ЭЭРЧҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

Сүннөткө эргешпеген Бейишке кире албайт.
Абу Хурайра (р.а)дан риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Силер баарыңар Бейишке киресиңер, бирок кимдер менден баш тартса алар кирбей. Сахабалар (р.а) сурашты: "Ким сизден баш тартат?" Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Ким мага баш ийсе, ал Бейишке кирет, ал эми ким мага эргешпесе ал баш тартты. Б.а менин сүннөткө эргешпесе ал Бейишке кирбейт.

Алсызданган сүннөткө жандандыруунун сообу

Абу Хурайра (р.а)дан риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:
"Менин сүннөтүмдүн кайсыл бири алсызданган(элдин көпчүлүгү көңүл бөлбөй, бейкапар болуп калганда) убакта, менин ал сүннөтүмдү жандандыруучуларга(ал сүннөткө өзү амал кылып, башкаларды да тартса, кызыктырса) жүз шейиттин сообу берилет."

Пайгамбарыбыз (с.а.в)ды сүйүүнүн белгиси сүннөткө ээрчүү
Анас (р.а)дан риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: Ким менин сүннөтүмдү тирилтсе, ал мени сүйдү. Ким мени сүйсө, ал мени менен Бейиште бирге болот." (СубханАллах)

Сүннөт гана кутулууга себепчи
Ибн Шихаб Зухри (р.а) айтат: "Мага сахабалардан ушул сөз жетти:" Сүннөттү бекем кармоо- бардык кыйынчылыктан кутулууга себепчи".

Сүннөттү кармоочу адашпайт.
Абу Хурайра (р.а) риваят кылат: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Мен силерге эки нерсени калтырып кетти. Алардын себебинен силер менден кийин адашпайсыңар: биринчиси Аллахтын ыйык китеби, анан менин китебим."

Күнүмдүк эле жашообузду сүннөткө ылайык өткөрүү менен Бейишке болгондо да, Аллахтын сүйүктүү элчиси Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) менен бирге болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот экенбиз.
Бул посттун алдында 20 " " пайда болгон соң, кийинки бөлүмдө сүннөткө ылайык тамактануу эрежелеринe токтолобуз, иншаАллах )