Get Mystery Box with random crypto!

Өзүн өзү өнүктүрүү жаатындагы китептерден, лекциялардан жыйнал | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Өзүн өзү өнүктүрүү жаатындагы китептерден, лекциялардан жыйналган аздыр көптүр маалыматтарга таянып, өзүмчө мындай тыянакка келдим:
Өзүн өнүктүрүү үчүн тизмеленген өзүн өзү баалоо, өзүнө ишенимдүү болуу, дисциплина анан акырында жыйынтык булардын баары биринчи кадамдан тагыраагы аракеттен башталат экен.

Аффирмация экен деп "Мен сулуумун", "Мен татынакаймын" деген ишенүү өзүңө да кыйын болгон сөздөрдү 100 жолудан кайталаганча, Аллахка зикир чалсаң, Аллах берген нур аркылуу сулуу болушуңа ыктымалдуулук көбүрөөк окшойт деп ойлоп калдым акыркы күндөрү .

Өзүмдөн көп байкаймын. Күнгө түзгөн пландардын баарын аткарган күндөрү өзүмө баам күчөй түшөт. Өзүмө сөз берген жумуштарды аткарган соң, алда канча ишенимдүү болом. Ошол эле убакта дисциплиналуу болуу да оңой. Адам өз аракетин көрө баштаганда ишеними да жогорулайт экен. Чындыгында ийгилик ага кеткен жол менен кызыктуу.