Get Mystery Box with random crypto!

💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Telegram арнасының логотипі asyloilorng — 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер О
Telegram арнасының логотипі asyloilorng — 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер
Арна мекенжайы: @asyloilorng
Санаттар: Дін , Фактілер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 2.40K
Арнадан сипаттама

🦋Өзүн таанууга, пайдалуу иш менен элге кызмат кылып, Аллахтын ыраазычылыгына жеткен сүйүктүү кул болууга аракеттенген студенттин блогу.
💌 @gulzinanur24 - жеке байланыш үчүн.

Ratings & Reviews

2.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

2

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 8

2022-04-12 22:52:57 Оо, Роббим! Бул жашоодо ийгиликсиз болууга чыдайм, а бирок акыреттеги "ийгиликсиздиктен" Өзүң сакта. Бул жалганда зарарга учуроого макулмун, акыретте зарарга кабылтпа!
1.8K viewsedited  19:52
Ашу / Түсініктеме
2022-04-12 18:01:08 Анализ...

Мурда ойлойт элем: "бул каналды алып баруу, жазуу, ойлорум менен бөлүшүү менин хоббим. Мага башка бирөөнүн ою кызык эмес. Баарибир жазганды уланта берем",- деп. А бирок, жаңылыпмын. Хобби болсо да колдоо керек экен. Силердин колдооңор, оюңар, реакцияңар... Ар жолу бул жакка киргенде посттун жагып жакпаганын астындагы быйтыкчалардан билем, анан же бир нерселер менен бөлүшкүм келип кетет, же 15-20 күнчө жоголгум...
Ошоо, кыскасы, бул жактагы менин активдүүлүгүм силердин активдүүлүгүңөрдүн күзгүсү, чагылышы...
А мен жазам десем кезегин күткөн блокнотторум көп...
1.7K views15:01
Ашу / Түсініктеме
2022-04-12 18:00:59
1.6K views15:00
Ашу / Түсініктеме
2022-04-12 01:35:08 Сухурдагы кофе менен келген ойлор...

Рамазан- напсини тарбиялоо айы. Тамактан 15 саатка баш тарта алсаң, демек, бардык жаман адаттарыңдан арылуу мүмкүн экенин далилдейт. Жаман адаттарды келечегиң үчүн, акыретиң үчүн пайдалуу болгон адаттарга алмаштырууга бир мүмкүнчүлүк.
Такыбалыгыңды текшерүүнүн айы.
"Аллах көрүп турат" сезимин жүрөккө жайгаштыруу айы.
Рамазан жан дүйнө жыргалчылыгы исламда экенин сездирүүүчү бир ай.
Аллах бар жүрөктөрдү жакындатуучу бир ай.
Рамазан- мээрим айы...
@asyloilorNG
1.8K viewsedited  22:35
Ашу / Түсініктеме
2022-04-11 20:58:55
1.8K views17:58
Ашу / Түсініктеме
2022-03-01 18:10:53 Miraç Çağrı Aktaş "Hayat kaybettiğin yerden başlar" (Жашоо "жоготтум" дегениңде башталат.)

Бул жашоого келген ар бир адам жоготууга учурайт (өлүм себеби менен эмес). Ал сүйгөн, баалаган инсандар кээде эч бир себепсиз жашоосунан чыгып кетет. Албетте, жоготкон инсанга бул өтө оор сокку. Жаш түрк жазуучусу Miraç Çağrı бул учурларда инсандын абалын, сезимдерин түшүнгөн жана мындай учурду жашаган инсан экен. Ал эми бул китебинде инсандарды кандай кабыл алып, алар аркылуу ташталган учурда эске алуучу сөздөрдү келтириптир. Менимче, биздин жашыбызда (15-20) олуттуу жоготууларга учураган инсандар жок болсо керек (үмүттөнөм). Анткен менен адамдын жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулаган, өзүнө ишеним көрсөтүүсүнө жардамдашкан сөздөрү кандай гана окурман болбосун ашыкчалык кылбайт деп ойлойм. Төмөндө менин котормомдо бир нече сөздөрү. Түркчөсүн да кошо жазам, түркчө билгендер болсо оригиналын окуу жакшыраак болот деген ойдо:

Бул дүйнөгө жалгыз келгенбиз. Бирисинин биздин жашообуздан кетиши да биздин өлүмүбүзгө себеп болбошу керек.

Kimseyle var olmadık ki birilerinin yokluğuyla yok olalım. Kimse kimsenin yokluğundan ölmüyor.

Бардык адамдар бактылуулукту издөө менен убара. Биздин бактылуулугубуз башкалардын бактылуулугунда катылуу. Башкаларына бактылуулук тартуулаңыз, сиздин бактылуулугуңуз сизди өзү таап келет.

Herkes deli gibi mutluluğu arıyor ve nerede olduğunu bilmiyor. Bizim mutluluğumuz başkalarının mutluluğunda gizlidir. Onlara mutluluk verin;sizinki size gelir.

Өзүң каалагандай жашаштан коркпо. Элдин сөзүнө эмес, ичиңдеги үнгө кулак салып жаша.

İstediğin gibi yaşamaktan korkma. Elâlemin sözlerine değil, içindeki sesine kulak ver.
136 views15:10
Ашу / Түсініктеме
2022-03-01 18:10:49
132 views15:10
Ашу / Түсініктеме
2022-03-01 11:01:22
260 views08:01
Ашу / Түсініктеме