Get Mystery Box with random crypto!

Көрө албастык, кызганчаактык- ар бир инсанда мейли аз, мейли к | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Көрө албастык, кызганчаактык- ар бир инсанда мейли аз, мейли көп өлчөмдө болсун, жан дүйнөсүнө тынчтык бербей, ыраазы болуп жашоосуна тоскоолдук кылган инсандагы Аллах тарабынан жек көрүлгөн сыпат.

Мындан бир-эки ай мурда мен өзүмдөн ушул сапатты байкадым. Анан бул сапат менен жашоо аябай оор экенин аңдап жетип, youtube'дан лекцияларды уга баштадым. Биринчи он мүнөтүндө эле өзүм билип билбеген абалда канчалык шүгүрсүздүк келтирип алганымды, аз болсо динден да чыгып кете жаздаганымды билип, силер менен да бөлүшкүм келди. Анткени, жалпысынан биз бул сезимге анчалык деле маани бербейбиз. Адамда бар кубулуш катары кабыл алабыз.

"Дүйнөдө 7миллиард инсан болсо, алардын баарына ырыскы Берүүчү жалгыз Аллах. Баардык адамдарга ырыскы тараткан Аллах болсо, демек ал ошол адамга берүүнү каалады. Ал Анын чечими. Эгерде Аллахтын кулдарынын бирөөнө көрө албастык кылсак, өзүбүз каалап-каалабаган абалда Жаратканыбызга каршылык көрсөтүп алган болобуз. (Аллах өзү кечирсин) Ырыскы Таратуучубуз Мээримдүүлөрдүн Мээримдүүсү, Ырайымдуулардын Ырайымдуусу анан дагы Адилеттүүлөрдүн Адилеттүүсү! Аллах каалады- Аллах берди."
Менимче, бирөөгө көрө албастык кылаардан мурун ага ал ырыскыны Берүүчү эң Адилеттүү жана Мээримдүү экенин эстөө жетишээрлик деп ойлойм.

Хадистерде айтылат: "Көрө албастык(зависть) топтогон бардык жакшы амалдарыңды от кургак отунду кандай куйгүзсө, ошондой тездикте күйгүзүп жок кылат".

Аллах Таала Куранда: "Эгеңер: Эгер шүгүр кылсаңар, силерге (жакшылыктарымды) көбөйтөмүн, а эгер каапырлык кылсаңар азабым катуу"- деп жарыялады." (Ибрахим/ 7)
Башка бирөөгө берилген ырыскыга көз артуудан ага эч кандай зыян келбейт, бизге да эч кандай пайда жок. Тескерисинче эң чоң кризиске кирген болобуз. Аллах сактасын .