Get Mystery Box with random crypto!

КЕЧИККЕН БАКЫТТЫН ДААМЫ Жусуп пайгамбар зынданда жаткан | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

КЕЧИККЕН БАКЫТТЫН ДААМЫ

Жусуп пайгамбар зынданда жатканда аны менен эки адам бирге болгон. Ал тиги экөөсүнө жакшы мамиле жасап, сый-урматка бөлөчү. Аллахтын буйругу экен тиги экөө Жусуптун мурда зындандан чыгып кетишти. Жусуп болсо алардан соң дагы жети жыл зынданда калды. Бирок, тигилердин бири кызматчы-кул болуу үчүн чыгарылса, экинчиси өлүмгө тартылуу үчүн чыгарылган эле. А Жусуп алардан жети жыл кийин чыкканы менен падышанын казына башчысы болуу үчүн чыгарылды.

Ийгилик, бакыт канчалык кечигип келсе, ошончолук баалуу да, даамдуу да болору бышык.