Get Mystery Box with random crypto!

​​ БИТИР САДАКА БОЮНЧА СУРОО-ЖООПТОР ❏ БИТИР САДАКА ДЕГЕН ЭМ | ТИЛМЕЧ

​​ БИТИР САДАКА БОЮНЧА СУРОО-ЖООПТОР

❏ БИТИР САДАКА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Битир садака – Орозо айтка чейин кээ бир азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн белгилүү бир өлчөмдө муктаж мусулмандарга берилүүчү садаканын түрү. (“Аль-Бинаяту шарх аль-Хидая”)
 
❏ БИТИР САДАКАНЫН ӨКҮМҮ КАНДАЙ?

Ханафи мазхабы боюнча битир садака берүү ар бир мусулманга парз болуп эсептелет.
 
❏ БИТИР САДАКА КИМДЕРГЕ ПАРЗ?

Ар бир мусулманга парз. Ал өзү үчүн жана анын жоопкерчилигиндеги үй-бүлө мүчөлөрү үчүн битир садака берүүгө милдеттүү. Эгер балдары өздөрүн камсыз кылган деңгээлде болсо, анда алар өздөрү үчүн беришет. Ошондой эле ханафи мазхабы боюнча эненин курсагындагы түйүлдүк үчүн битир садака берилбейт. (“Хашият ибну Аабидин”)
 
❏ БИТИР САДАКА КАЧАН БЕРИЛЕТ?

Битир садаканын эң жакшысы – Рамазандын акыркы күнү ооз ачкандан баштап эртеси айт намазга чейинки аралыкта берилгени. Эгерде кандайдыр бир кечиримдүү себептер болсо, алдын ала да бергенге уруксат. Көпчүлүк аалымдар битир садаканы айт намаздан кечиктирбеш керек, ким кечиктирсе, анда жөн гана садака бергенге жатып калат деп айтышкан. Ал эми ханафи мазхабы боюнча кечиримдүү себептер болсо, анда кайсы убакта берсе да болот. Бирок айт намазга барардан алдын бергени мустахаб болот деп айтылган. (“Аль-Фатава аль-Хиндийя”, “Фатхуль Кадир”)
 
❏ БИТИР САДАКА КАНЧА ӨЛЧӨМДӨ ЖАНА КАЙСЫ НЕРСЕЛЕРДЕН БЕРИЛЕТ?

Ханафи мазхабы боюнча битир садаканын өлчөмү төмөнкүдөй (2022-жыл боюнча):

– Буудай ( ≈ 1,6 кг) ≈ 50 сом
– Ун ( ≈ 1,6 кг) ≈ 74 сом
– Мейиз ( ≈ 1,6 кг) ≈ 636 сом
– Арпа ( ≈ 3,2 кг) ≈ 90 сом
– Курма ( ≈ 3,2 кг) ≈ 986 сом

Битир садака жан башына жогорудагы азык-түлүктөрдүн бирөөсүнөн берилет. Ал эми ханафи мазхабында битир садаканы акчалай берүүгө да уруксат. Эң жакшысы жогоруда айтылган азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн чыгарганы, болбосо акчалай берсе да болот. 
 
❏ БИТИР САДАКАНЫ КИМДЕРГЕ БЕРҮҮ КЕРЕК?

Битир садака төмөнкү түрдөгү адамдарга берилет:
1) Кедей-кембагалдарга.
2) Жакыр жашагандарга.
3) Битир садака жыйнагандарга.
4) Исламды жаңыдан кабыл алгандарга же кабыл алууга кызыккандарга.
5) Кулдарды азат кылууга.
6) Карызы көп адамдарга.
7) Аллах жолундагы адамдарга.
8) Мусапыр адамга. (“Хашият ибну Аабидин”)
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз