Get Mystery Box with random crypto!

​​ ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ ОРОЗО ТУУРАЛУУ СУРОО-ЖООПТОР   ❏ ШАВВАЛ КА | ТИЛМЕЧ

​​ ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ ОРОЗО ТУУРАЛУУ СУРОО-ЖООПТОР
 
❏ ШАВВАЛ КАЙСЫ АЙ? БУЛ АЙДА КАНДАЙ ОРОЗО ТУТУЛАТ?


ЖООП:
Шаввал айы – Рамазандан кийинки ай. Орозо айт күн Шаввал айынын биринчи күнүнө туура келет. Ал эми бул айдагы орозо тууралуу пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандай сооп алат». (Сахих Муслим)
 
❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУН АЙТ КҮНДӨН БАШТАП ТУТСА БОЛОБУ?

ЖООП:
Айт күн – майрам күн. Ал күнү орозо тутуу шариятта тыйылган. Айт күндүн эртеси эле тутуп баштоо керек. Орозо айт бир эле күн болот. Ал эми Курман айт үч күн болот.

❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУНДА ООЗ ЖАБУУ, ООЗ АЧУУ УБАКТЫЛАРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

ЖООП:
Намаз календарында көрсөтүлгөн багымдат намазынын убактысына чейин ооз жабылат, шам намазынын убактысында ооз ачылат.

❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУНДА ООЗ ЖАБАРДА КАНДАЙ НИЕТ КЫЛЫНАТ?

ЖООП:
Шаввалдын орозосу деп жүрөктөн ниет кылып тута берет. Эч кандай дуба айтыш шарт кылынбайт.

❏ РАМАЗАНДАГЫ КАРЫЗ КҮНДӨР БИРИНЧИ ТУТУЛАБЫ ЖЕ ШАВВАЛДЫН ОРОЗОСУ БИРИНЧИ ТУТУЛАБЫ?

ЖООП:
Бул туурасында аалымдар арасында талаш пикирлер айтылган. Бирок аалымдардын басымдуу туура ой-пикири – биринчи Рамазандын каза күндөрүн тутуу керек деген ой. Демек, ушуга ылайык Рамазандагы карыз күндөрүн туткандан кийин Шаввалдын орозосун тутат. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ: «Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса...» деп айткан. Эгер адам Шаввалдын алты күнүн биринчи туткан болсо, анда ал Рамазанды улаганга жатпай калат. Шаввалдын орозосун улап тутуш үчүн биринчи Рамазандагы карыз күндөрдү толук тутуп бүтүрүүсү керек.
 
Ошондой эле шариятта каза орозону тутуу – парз, ал эми Шаввалдын алты күндүк орозосун тутуу – нафил болуп саналат. Ушуга ылайык мусулман адам нафилден мурун парзды биринчи аткаруусу керек.
 
❏ БУЛ ОРОЗОНУ АЙТТЫН ЭРТЕСИ ТУТУП БАШТАШ КЕРЕКПИ ЖЕ АЙТТАН КИЙИН БИР ТОП КҮН ӨТҮП КЕТСЕ ДА ТУТА БЕРСЕ БОЛОБУ? АНАН АЛТЫ КҮНДҮ КАТАРЫНАН ТУТУУ КЕРЕКПИ ЖЕ БӨЛҮП-БӨЛҮП ТУТСА БОЛОБУ?

ЖООП:
Шаввалдын алты күнүн сөзсүз эле Орозо айттын эртеси тутуп башташ шарт эмес. Айттан бир-эки күн же бир топ күн өтүп кетсе да тутса болот. Эң негизгиси Шаввалдын алты күндүк орозосун Шаввал айы бүткүчө тутуп жетишүү керек. Ошондой эле Шаввалдын алты күнүн катарынан тутса да болот, бөлүп-бөлүп тутса да болот. Эң негизгиси ушул ай бүткүчө тутулса болду.
 
❏ ШАВВАЛДЫН ОРОЗОСУН ЖАКШЫ ЭЛЕ ТУТУП БАШТАСА, БИРОК АР КАНДАЙ СЕБЕПТЕРДЕН УЛАМ ТӨРТ ЭЛЕ КҮНҮН ТУТУП, ШАВВАЛ АЙЫ ӨТҮП КЕТСЕ, АНДА ТУТАЛБАЙ КАЛГАН ЭКИ КҮНДҮН КАРЫЗЫН ТУТУУ КЕРЕКПИ?


ЖООП:
Шаввал айынын алты күндүк орозосун тутуу сүннөт болуп саналат. Ошондуктан Шаввалдын калып кеткен күндөрүнүн казасы тутулбайт. Ал эми туткан төрт күнү үчүн ниетине жараша сообу жазылат. Эгер чындап эле кечиримдүү себептерден улам кармай албай калса, анда сообу толук жазылышы да толук мүмкүн. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Эгерде пенде ооруп калса же сапарда болуп (мурда кылып жүргөн ибадаттарын кыла албай калса), анда Аллах ага ден-соолугу чың жана үйүндө болгон кезинде ошол ибадаттарды кылып жүргөндөй сообун жазат». (Сахих Бухари)

ЭСКЕРТҮҮ:
Быйыл 2023-жылдын Шаввал айы 20-майга чейин болот. Ошого чейин Шаввалдын алты күндүк орозосун кармап жетишүү керек.

 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз