Get Mystery Box with random crypto!

​​ ОРОЗО КАРМАГАНДАР ҮЧ ТҮРДӨ БОЛУШАТ Имам Абу Хамид аль-Газ | ТИЛМЕЧ

​​ ОРОЗО КАРМАГАНДАР ҮЧ ТҮРДӨ БОЛУШАТ

Имам Абу Хамид аль-Газали орозо тутуучуларды үч даражага бөлгөн:
 
1-ДАРАЖА: КАРАПАЙЫМ АДАМДАРДЫН ОРОЗОСУ (Саумуль-ауаам)
 
Бул курсакты тамак-аштан жана аврат мүчөлөрүн кумар алуудан гана тыюу, бирок мында орозо чын жүрөктөн болбой, дененин башка мүчөлөрү орозонун талаптарын толук аткарбайт. Тактап айтканда, бул даражадагы адам Аллах таала тыюу салган нерселерден толук баш тартпай, ыңгайы келсе ушакчылык, чагымчылык, жалганчылык, жалган күбө берүү жана ушу сыяктуу күнөөлөрдү кыла берет. Бул даражадагы адамдар коркунучтун үстүндө турат. Себеби, пайгамбарыбыз ﷺ: «Кээ бир орозо кармагандар ачка калып суусагандан башка сооп алышпайт, ал эми кээ бир түнкү намаз окугандар дагы түнкү уйкудан калышкандан башка сооп алышпайт» – деп айткан. Кайсы бир адам өзүнүн дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн сактабаса, анда өзүн тамак-аштан, суусундуктан тыйганынан эмне пайда табат? Анткени пайгамбарыбыз ﷺ: «Ким жалган күбөлүк берүүнү жана аны кылууну таштабаса, анда Алла тааланын алдында анын тамак-аш, суусундукту таштаганынан не пайда» – деп айткан.

 
2-ДАРАЖА: ӨЗГӨЧӨЛӨРДҮН ОРОЗОСУ (Саумуль-хауаас)
 
Бул болсо экинчи даражадагы адамдардын орозосу. Мында эң биринчи кезекте курсакты жана аврат мүчөлөрүн тыюу жана ошондой эле көздү арам нерселерден, тилди жалганчылыктан, жаман сөздөрдөн, кол-бутту арам нерселерди аткаруудан, кулакты орозодо тыюу салынган нерселерди угуудан сактоо менен дененин башка мүчөлөрү күнөөлөрдөн сакталат. Себеби, орозонун араб тилиндеги мааниси да, шарияттык мааниси да «тыйылуу» дегенди билдирет эмеспи.


3-ДАРАЖА: ӨЗГӨЧӨЛӨРДӨН ЖОГОРУ ТУРГАН АДАМДАРДЫН ОРОЗОСУ (Сауму хауаассиль-хауаас)

Бул даражадагы адамдардын орозосу жеке эле курсакты тамак-аштан, аврат мүчөлөрүн жыныстык кумардан, дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн тыюу менен чектелбестен, ошону менен бирге өздөрүнүн жүрөктөрүн Аллахтан алыстатуучу ойлордон жана маанисиз кеп-сөздөрдөн сакташат. Орозонун бул даражасындагы адамдар жүрөгү менен бир гана Аллахка байланып, Андан башка нерселерден жүз бурган адамдар. Мына ушул даража эң бийик даража! 

Аллах тааладан баарыбызды ушул даражага жеткиришин сурайлы.
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз