Get Mystery Box with random crypto!

КАДЫР ТҮН МИҢ АЙДАН ДА АРТЫК Аллах таала ыйык Куранда айтты:  | ТИЛМЕЧ

КАДЫР ТҮН МИҢ АЙДАН ДА АРТЫК

Аллах таала ыйык Куранда айтты: 
«Кадыр түн – миң айдан да артык (түн)». (Кадр сүрөөсү, 3-аят)
 
Кадыр түн – жыл ичиндеги эң улуу түн. Мусулман адам бул түндө кандай ибадат кылбасын, ал ибадаты Аллахтын алдында миң ай кылынган ибадаттан да жакшыраак. Аллах таала мындай артыкчылыкты Кадыр түнгө гана берген. Жыл ичиндеги башка эч бир түн бул түндүн даражасына жетпейт. 
 
Миң айды жыл менен эсептей турган болсок, 83 жыл 4 айга барабар. Азыркы күндө 83 жашка чыккан адамдар саналуу гана. Эгерде адам ошончо жашка чыкса дагы ал өмүр бою ибадат кыла албайт. Бирок Аллах Өзүнүн сүйүктүү пенделерине акылга сыйгыс мүмкүнчүлүктөрдү түзүп койгон. Эгерде мусулман адам Кадыр түндү ибадат кылуу менен өткөргөн болсо, анда анын ошол түнкү кылган ибадаты – Аллахтын алдында миң айдан ашык кылынган ибадаттан да артык деп айтылган.

Анас ибну Малик айтты:
«Кадыр түндөгү кылынган ибадат, садака, намаз жана зекет миң айдан да жакшыраак». (Ад-Дурру аль-Мансур, 6/370)
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech