Get Mystery Box with random crypto!

ТИЛМЕЧ

Telegram арнасының логотипі tilmech — ТИЛМЕЧ Т
Telegram арнасының логотипі tilmech — ТИЛМЕЧ
Арна мекенжайы: @tilmech
Санаттар: Санатсыз
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 13.85K

Ratings & Reviews

3.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 13

2023-04-05 08:11:44
НАМАЗДЫ ТҮШҮНҮП ОКУҢУЗ

Намазды көп жылдан бери окусак да анын маанисине көңүл бурбай келебиз. Арабызда дээрлик көпчүлүк адамдар намазда айткан сөздөрдүн маанисин таптакыр түшүнбөйт, эмне деп айтып жатканын да билбейт. Намаздын сөздөрүн түшүнүп окубагандыктан намазда ар кайсы нерселерди ойлонот, көңүлү бир жерде турбайт. Мындай абалда окулган намаздын анчалык таасири болбойт. Намазды талаптагыдай окуу үчүн андагы айтылган сөздөрдүн маанилерин түшүнүп окуу зарыл.

Пайгамбарыбыз да бизге намазды ыклас менен окууга буйруду. Ал эми ыклас менен окуу үчүн анын маанисин түшүнүп окуу керек. Жогорудагы сүрөттөрдө намазда окулган сөздөрдүн кыргызча маанилери да кошо жазылган.

Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз. Балким сиз жиберген бир эле маалымат кимдир-бирөөгө пайдалуу болушу мүмкүн. Эгер ал аны үйрөнүп турмушта аткара турган болсо, ал аткарган сайын сизге да сооп жазылып турат.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
2.6K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, 05:11
Ашу / Түсініктеме
2023-04-04 15:33:39
➤➤ https://t.me/tilmech
2.2K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  12:33
Ашу / Түсініктеме
2023-04-04 08:17:38
ДААРАТ, ГУСУЛ ЖАНА ТАЯММУМ АЛУУНУН ТАРТИПТЕРИ

Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз, өзүңүзгө сактап алыңыз. Сиз билбейсиз, балким сиз жиберген бир эле маалымат кимдир-бирөөгө пайдалуу болушу мүмкүн. Эгер ал аны үйрөнүп турмушта аткара турган болсо, ал аткарган сайын сизге да сооп жазылып турат.
Зубайд аль-Куфи айтат: «Мен бир сөз уктум, Аллах Таала аны менен мага отуз жыл пайда берди». (Ас-Сияр, 5/297)

Ал эми пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Жакшылыкка жол көргөзгөн адам, ошол жакшылыкты кылган адамдын сообундай сооп алат». (Сахих Муслим)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
3.4K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, 05:17
Ашу / Түсініктеме
2023-04-03 14:46:31 ​​ ЧЫНЫГЫ ОРОЗО 6 НЕРСЕНИ АТКАРУУ МЕНЕН БОЛОТ

Имам Газали ﴾ رحمہ الله تعالــﮯ ﴿ айтты:
 
«Өзгөчө адамдардын орозосу – бул салих адамдардын орозосу. Ал дене-мүчөлөрдү күнөөлөрдөн тыюу менен ишке ашат жана ал алты нерсени аткаруу менен толук болот:
 
КӨЗДҮ арамдан сактоо, аны жаман нерселерди кароодон, жүрөктү алек кылган жана Аллахты зикир кылуудан алаксыткан бардык нерселерден тыюу.

ТИЛДИ пайдасыз сөздөрдөн, жалгандан, ушактан, чагымчылыктан, душмандыктан, талашып тартышуудан тыюу жана аны унчукпай жүрүүгө, Аллахты зикир кылууга жана Куран окууга көндүрүү.
 
КУЛАКТЫ бардык жаман сөздөрдөн сактоо. Кайсы бир сөздү айтуу арам болсо, анда ага кулак салуу да арам болот. 

КОЛ, БУТ сыяктуу денинин башка мүчөлөрүн жаман иштерден сактоо. 

✦ Ооз ачар маалда КУРСАКТЫ нык тойгузуудан сак болуу. Белгилүү болгондой орозонун максаты – адамдын жанын такыбалык менен кубаттоо үчүн курсакты бош кылуу жана напсини сындыруу болуп эсептелет. 

✦ Ооз ачкандан кийин ЖҮРӨК түпкүрүндө «орозом кабыл болуп, Аллахка жакын адамдардан болдумбу же орозом кабыл болбой, каарга калгандардан болдумбу?» деген коркунуч менен үмүттүн бар болуусу.   "Ихья улуум ад-Диин", 1/21

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
473 viewsTelepostBot, 11:46
Ашу / Түсініктеме
2023-04-03 06:18:41
➤➤ https://t.me/tilmech
2.1K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  03:18
Ашу / Түсініктеме
2023-04-02 17:06:49
➤➤ https://t.me/tilmech
221 viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  14:06
Ашу / Түсініктеме
2023-04-02 16:28:08
БУЛ АЙ — КУРАНДЫН АЙЫ

Максат ажы Токтомушев

➤➤ https://t.me/tilmech

Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
139 viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  13:28
Ашу / Түсініктеме
2023-04-02 06:53:05
➤➤ https://t.me/tilmech
2.2K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  03:53
Ашу / Түсініктеме
2023-04-01 18:04:34
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: 
«Куранды окугула! Чындыгында ал кыямат күнү аны окугандарга шапаат кылып келет». (Сахих Муслим) 
 
Ал эми башка бир хадисинде мындай деп айткан: 
«Кыямат күнү орозо менен Куран пенде үчүн шапаат кылат. Орозо айтат: «Оо, Раббим! Мен аны күндүзү шакыбатынан жана тамагынан тыйдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер. Куран айтат: «Мен аны түн уйкусунан калтырдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер». Ошондо ал экөөнө шапаат кылууга уруксат берилет». (Муснад Ахмад) 

➤➤ https://t.me/tilmech
2.0K viewsТИΛΜΞЧ | ERLANBEK, edited  15:04
Ашу / Түсініктеме
2023-04-01 17:09:29 ​​ РАМАЗАНДА ӨЗҮҢДҮ КУРАНГА АРНА

Куран окуу – Рамазан айындагы эң сооптуу ибадаттардын бири. Куран адам баласын бул дүйнөдө туура жолго баштайт, аны эки дүйнөдө Аллахтын ыраазылыгына жана бактылуулукка жеткирет, кабыр сурагында адамды коргойт, кыямат кыйынчылыктарында ага шапаат кылат, акырет майданында аны эсепсиз соопторго жеткирет, аны бейишке киргизет жана анын бейиштеги даражаларын көтөрөт. 

Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринин биринде айтат: 
«Куранды окугула! Чындыгында ал кыямат күнү аны окугандарга шапаат кылып келет». (Сахих Муслим) 
 
Ал эми башка бир хадисинде мындай деп айткан: 
«Кыямат күнү орозо менен Куран пенде үчүн шапаат кылат. Орозо айтат: «Оо, Раббим! Мен аны күндүзү шакыбатынан жана тамагынан тыйдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер. Куран айтат: «Мен аны түн уйкусунан калтырдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер». Ошондо ал экөөнө шапаат кылууга уруксат берилет». (Муснад Ахмад) 
 
Андыктан орозо туткан адам ыйык Рамазан айында Куранды көбүрөөк окуганга аракет кылуусу зарыл. Анткени бул айда кылынган ибадаттын сообу башка айларга караганда сооптуу. 
 
ААЛЫМДАРДЫН КУРАН МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕСИ 
 
– Аалымдардын бири аль-Асвад Рамазандын ар бир эки түнүндө Куранды бир жолу окуп бүтүргөн. 

– Улуу табийиндердин бири ан-Нахаи Рамазан айынын акыркы он күнүндө Куранды беш жолу окуп бүтүргөнгө жетишет эле. Ал эми башка айларда ар бир үч күндө бир жолу Куранды толук окуп бүтүргөн. 

– Имам Катада болсо Рамазандын алгачкы жыйырма күнүнүн ар бир үч күнүндө Куранды бир жолу бүтүрүп, ал эми акыркы он күнүнүн ар бир түнүндө Куранды баштан аяк бир жолу окуп чыгат эле. Ал эми башка айларда үч күндө бир жолу бүтүргөнгө жетишкен. 

– Имам Абу Ханифа жана имам Шаафи Рамазандын ичинде намаздан тышкары убакта Куранды жалпы алтымыш жолу окуп бүтүргөн. 

– Имам аз-Зухри Рамазан айы киргенде «Чындыгында бул ай – Куран тилават кылуунун жана адамдарды тамактандыруунун айы» – деп айтчу. 

– Ибну Абдулхакам айтат: «Имам Малик Рамазан айы келгенде хадис китептерди окууну, илимдүүлөр менен отурууну таштап, Куран китепти окуганга гана көңүл бөлчү». 

– Абдураззак айтты: «Суфиян ас-Саури Рамазан айы кирип келгенден баштап бардык нафил ибадаттарды таштап, Куран окууга гана басым койгон». 

– Аиша энебиз Рамазан айында күн чыкканга чейин Курандан көзүн албай окучу, күн чыккандан кийин гана жатып эс алат эле. 
 
КУРАН ОКУУНУН АДЕПТЕРИ 
 
1. Куранды окуудан алдын даарат алуу. 
2. Куран китебин даараттуу болгон абалда гана кармоо. 
3. Куран окуудан алдын мисвак менен оозду тазалоо. 
4. Кыбылага жүздөнүү (эгер мүмкүн болсо, болбосо өзүнө ыңгайлуу тарапты карап окуй берет). 
5. Куранды Аллахтын ыраазылыгы үчүн чын ыкластан окуу. 
6. Аяттын маанилерине терең ой жүгүртүп, шашылбастан окуу. 
7. Куранды тажвид эрежелери менен ар бир тамгасын, ар бир сөзүн туура жана так окуу. Себеби бул адамды чын дилден окууга түрткү берет. 
8. Куран окуп жатканда башка нерселерге алаксыбоо, башкалар менен сүйлөшпөө. 
9. Куранды окуганда андагы айтылгандарга чын жүрөктөн ишенип, аларды турмушта иш жүзүндө аткарып жана ал арам дегенин арам деп, ал адал дегенин адал деп билүү.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
1.8K viewsTelepostBot, 14:09
Ашу / Түсініктеме