Get Mystery Box with random crypto!

Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Telegram арнасының логотипі kyrgyz_devv — Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты К
Telegram арнасының логотипі kyrgyz_devv — Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты
Арна мекенжайы: @kyrgyz_devv
Санаттар: Дәйексөздер , Технологиялар
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 3.62K
Арнадан сипаттама

Программалоо боюнча маалыматтар!
Flutter боюнча,
Web иштеп чыгуу боюнча,
IT багыты тууралуу көптөгөн маалыматтар бул каналда
Биз менен байланышыңыз:
https://myurls.co/turatalybaev

Ratings & Reviews

3.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

2

3 stars

0

2 stars

1

1 stars

0


Соңғы хабарлар 9

2022-06-09 18:45:26
Макаланы окуңуз, мына чыкты
176 views15:45
Ашу / Түсініктеме
2022-06-09 13:56:48 Бүгүн бир макала жаздым, чыгарайынбы? Күтүп окуйсузбу же жөн гана карап коёсузбу?
52 views10:56
Ашу / Түсініктеме
2022-06-07 16:58:40 Ийгиликтүү компания түзүү айнекти качырата чайнап, жутуп анан түбү жок чуңкурду карап тургандай нерсе! Илон акеңер айтат :)
360 views13:58
Ашу / Түсініктеме
2022-06-07 15:34:12Бул жигитти жакшылап таанып алыңыз

Туратбек менин айылдаш иним. Мен бул инимди дайыма колдойм. Бул жигит сизге жакпашы мүмкүн, же сиз бул жигиттин кандайдыр бир кемчилигин билет чыгарсыз, ал жагы мени көп деле кызыктырбайт. Буга 2 себеп бар, биринчиден мен адамдын кемчилигин көрбөгөнгө аракет кылам. Экинчиден, ар бир адам кемчиликтүү, сизде да бар кемчилик, менде да бар, бул жигитте бар, бирок адам башка бир адамды адам катары сыйласа, кемчиликсиз адам жок экенин билсе, анда болбогон бир кемчилиги үчүн башка бирөөнү жаман көрбөйт эле деп ойлойм.

Бул жигитти мен кичине кезинен тааныйм, жаны тынбаган, абдан кыймылдуу бала эле. Карасам азыр деле ошондой экен, бир күнү карасам бир эксперт менен иштешип, аны эл алдына алып чыгып, анын иштерин уюштуруп берип жүргөн болот, бир күнү карасам башка бир эксперт, бир күнү карасам бизнес, бир күнү карасам дагы башка бизнес.
Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет демекчи, Туратбек абдан көп нерсени көрүп, көп нерсени башынан өткөрүп койду.

Эң эле алгач “Бир адамдан бир китеп” долбоору менен иш алып барып, айылыбызга китепкана ачып, жаштарды, айылдын элин ынтымакка чакырууда, айыл жаштарын окууга кызыктырууда абдан жакшы салым кошту. Андан кийин эле, өзү 1-курс эле экенине карабай, “Мираж” китеп дүкөнүн ачып, жөн эле китеп дүкөн кылбастан, ал жерде жаштардын башын бириктирип ар түркүн иш-чараларды өткөрүп, китеп окуй турган шартты түзүп жаштар үчүн, билимге умтулган келечек үчүн сонун иш кылды. Байкашымча ал иши КАРАНТИНдин айынан үзгүлтүккө учурады көрүнөт.

Анан карантинде онлайн иштөө, онлайн окутуу деген маселелер абдан жайылып жатканда, интернет тармагында ансыз да элге билим берип, элге пайдалуу нерселерди жасап жүргөн эксперттердин аудиториясын кеңейтип аларды дагы да өнүгүүгө, өстүрүүгө далай салымдарды кошту, анын ичинде бир канча ирет мага да жакшы шарттарды түзүп берди, дагы да чоңураак аудтория менен таанышып алышыма салым кошту.

Туратбектин ушундай жаны тынбаган, улам жаңы бир идеяны ойлоп таба калган дымактуулугунан жана да кичине кезинен бери тааныган айылдашым болгондугунан сыйлайм, эми азыр да бир жакшы жаңылык менен чыгып жатыптыр, ушунча убакыттан бери топтогон тажрыйбасын пайдаланып, практикада көргөн, өзү башынан өткөргөн иштерин эми эксперт катары башкаларга үйрөтүүгө бел байлап жатыптыр, иниме эмне дейм, бир гана ийгиликтерди каалайм, эгер сиздер даа кызыксаңыздар Туратбек менен бир таанышып, бир байланышып көрүңүздөр!

Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүү сиздин да акыңыз, сиздин да милдетиңиз, сиздин да укугуңуз, кыскасы сиз да өзүңүздү өнүктүрүшүңүз керек. Эркек да, аял да, бала да, кары да өзүн өнүктүрсө, өнүгүүгө ачык болсо, бул өлкө өнүгөт, андыктан өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 4-июнь, 2022-жыл.
428 views12:34
Ашу / Түсініктеме
2022-06-06 13:25:08 Ноутбук алчулар эмне болдуңуздар?!
115 views10:25
Ашу / Түсініктеме
2022-06-06 11:10:34
Соң-Көл дейин десем Монголия экен, бирок карачы кандай гана керемет жапайы жылкылар экен!
220 views08:10
Ашу / Түсініктеме
2022-06-05 14:49:12 ​ Бүгүн сиздерге Санира Необистин сонун посттун Кыргызча которуп чыгарып жатам, окуп, пайда алыңыздар.

Англис тилин үйрөнгүлө. Чын айтам.

Палмда – биздин компанияды кандайдыр бир мини-кризис бар.

Барган сайын биздин өнөктөштөр англисче сүйлөгөн программисттерди гана талап кылып жатат.

Ал эми бизде көптөгөн сонун программисттер бар, англисче жакшы жазышат, көп-көп окушат, түшүнүшөт, бирок сүйлөй алышпайт.

Ошондуктан, программисттерди эркин сүйлөө деңгээлине жете турган абалга алып келиш үчүн кандай кылса болот деген ойго келдим.

Биринчиден, англис тили менен бардык IT адистери үчүн көбүрөөк карьералык мүмкүнчүлүктөр ачыларын түшүнүү керек.

Мисалы, бул дүйнөлүк рынокто, дүйнөнүн ар тарабында иштөө, айлык акынын жогору болушу жана башка каалаган жерге барып иштөө мүмкүнчүлүктөрү.

Кантип англис тилин өнүктүрө аласың?
Канчалык одоно угулбасын, булар онлайн же оффлайн болобу, англисче курстар. Бул жеке сабактар. Бул англис тилинде окуп, кино көрүп, кесиптештер менен баарлашып, көнүгүү жасап, сөздөрдү үйрөнө баштоо менен башталат.

Башка программисттердин тажрыйбасына таянсак, ал болжол менен 3 айга созулушу керек - intermediate деңгээлинен эркин сүйлөөгө чейин.

Ошо... кылгыла...үйрөнгүлө... англис тилиңерди өнүктүргүлө, айланайындар.

Болбосо, алдыга жылууга жардам бере турган сонун долбоор, программа, грант кылсамбы деп азыртадан эле ойлонуп жатам.

Бүгүн да идея келди)) кантип ишке ашырууга болот.. Аракет кылам, балким кийинчерээк айтып берем
114 views11:49
Ашу / Түсініктеме
2022-06-05 14:31:57 Туугандар, бул ноутбук өзү 22 миң турат, азыр акча керек, 15 миңге беребиз, жакшы ойлонуңуздар, болбосо азыр 15 миңге телефон да келбей калды го
134 views11:31
Ашу / Түсініктеме
2022-06-05 13:08:38 Ноутбуктун баасы дагы бир аз арзандап жатат, бүгүн кечкиге тыйын керек, срочно сатабыз, келип офистен алып кетиңиз
402 views10:08
Ашу / Түсініктеме
2022-06-05 10:42:54 Батарейкасы жаңы, сумкасы белек, SSD да жаңы салынган, оперативка 8 ГБ кылып көтөрүлгөн
264 views07:42
Ашу / Түсініктеме