2022-05-16 09:03:36
“Эгерде сен бөлмөдө эң акылдуусу болсоң - анда сен тура эмес бөлмөдө жүрөсүң” бул сөздү кайдан, качан окуганым же кайсы китептен окуганым эсимде жок, издеп да авторун таппай койдум, бирок бул сөз мени көп ойлондуруп келет, мен туура эле чөйрөдөмүнбү деп.
Байкашымча адам, өзү турган чөйрөдө сөз ээси, кадыр барктуу болгусу келет экен. Бул албетте табигый көрүнүш, бул күнөө эмес, жаман нерсе эмес, бирок кадырлуу болуу үчүн, өзүңдөн төмөн адамдарды таап алып, алар менен дос болуп, аларды башкарымыш болуп жашай берүүң канчалык туура?
Кудайга шүгүр, ар дайым эң мыкты чөйрөгө туш болуптурмун. Мектепте окуп жүргөндө досторум жакшы окуган жана өсүп-өнүгөйүн деген балдар эле. Андан кийин университетте, сый-урматка ээ, дайыма коомдук иштерге активдүү катышкан досторго туш болдум. Университетти бүтүп, эң жакшы чөйрөдө, элиме-жериме кызмат кылсам, өлкөмдүн өнүгүүсүнө салым кошсом деген чөйрөдө эмгектендим. Бирок адам бир жерде тура бергиси келбейт, дагы өсөйүн, дагы алдыга жылайын дейт турбайбы.
Эми болсо, өзүмдү АйТи тармагында сынап, санарип чөйрөсүнө сүңгүп кирдим. Санариптеги тапкан чөйрөм ушунчалык акылдуу, ушунчалык алдыга умтулган адамдар болуп чыкты. Аларды санап отурсам бүтпөйт.
Урматтуу окурманым, айтайын дегеним, эгер өсүп-өнүгүүнү кааласаңыз, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабасаңыз, сиз дагы жүргөн чөйрөңүзгө жакшылап көңүл буруңуз. Эгер досторуңуз менен сүйлөшүп отурганда алар элге пайда алып келүү боюнча, өлкөбүзгө, жерибизге, айылыбызга же кандайдыр бир жакшы ишти кылуу боюнча сүйлөшпөй жатса, анда ал достордон акырындык менен кол үзгөн жакшы деп ойлойм.
Мисалы, менин классташтарым өлкөбүздөгү эң мыкты жигиттер деп эсептейм, ар дайым пайдалуу болуу, өзү үчүн эмес, өзгөлөр үчүн жашап жаткандай сезилет. Биздин сүйлөшкөн темаларыбыз, “Айылдын кире беришиндеги арканы сырдайлы”, “Айылдын четине 15 метрлик желек тургузалы”, “Мечиттин алдын тосолу”, “айылда бир эже кыйналып жатыптыр, ага үй салып берели”, “быйыл мектептин эң алдыңкы окуучусуна мынча сом стипендия берели” деген сыяктуу гана сөздөр сүйлөшүлөт, ооба биз дал ушундай сөздөрдүн тегерегинде сүйлөшөбүз, кээде урушабыз, кээде талашабыз, бирок бул талашып-тартышуулар жеке кызыкчылык үчүн эмес, айылыбызды, элибизди алдыга жылдыруу үчүн болот, эч ким – эч кимге таарынбайт.
Азыркы компаниямда да ушундай көрүнүштөр болуп турат, АйТи жаатына жаңы гана аралашып баштасам да, бул чөйрө менин чөйрөм экенин дароо тааныдым, бул тармакта да тил уктум, бул тармакта да мен бирөөлөрдү тилдедим, бирок сүйлөшүлгөн сөздөр, талкуу кылынган иштер, эли-жерибиздин пайдасына болгону үчүн эч ким – эч кимге капа болбойт. Тескерисинче сүйүнөбүз, биз ошону менен алдыга жылып жатабыз. Биздин алдыга жылуубуз, өлкөбүздүн алдыга жылуусу, өнүгүүсү деп билебиз, дагы көп адамды өнүктүрүүгө, дагы көп адамды өстүрүүгө далалат кыла беребиз.
Урматтуу окурманым, эгер сиз дагы өсөйүн десеңиз, эгер сиз дагы бул өлкөнүн өнүгүүсүн кааласаңыз, анда алгач өзүңүздү өнүктүрүңүз, мыкты чөйрөнү издеп табыңыз.
Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!
Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 15-май, 2022-жыл.
168 views06:03