Get Mystery Box with random crypto!

Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Telegram арнасының логотипі kyrgyz_devv — Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты К
Telegram арнасының логотипі kyrgyz_devv — Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты
Арна мекенжайы: @kyrgyz_devv
Санаттар: Дәйексөздер , Технологиялар
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 3.62K
Арнадан сипаттама

Программалоо боюнча маалыматтар!
Flutter боюнча,
Web иштеп чыгуу боюнча,
IT багыты тууралуу көптөгөн маалыматтар бул каналда
Биз менен байланышыңыз:
https://myurls.co/turatalybaev

Ratings & Reviews

3.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

2

3 stars

0

2 stars

1

1 stars

0


Соңғы хабарлар 43

2021-10-07 21:10:41
Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде алтын байге утуп, дүйнө чемпиону болду.

Ал финалдык беттеште япониялык балбан Рин Мияжини жеңип алды.

https://maralfm.kg/archives/533747
1.0K views18:10
Ашу / Түсініктеме
2021-10-06 22:01:27
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан "Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында" өлкөбүз азыркы учурда 4-орунду камсыз кылып турган чагы!

Балбандарыбызга ийгилик каалайбыз!
1.2K views19:01
Ашу / Түсініктеме
2021-10-06 20:50:33 ​ Урматтуу Телеграм колдонуучулар, бул каналдарга катталып алыңыздар!

Өзүңүздү өнүктүрүү үчүн, АйТи дүйнөсүнө кадам таштагыңыз келсе жана үй шартында ден соолуукка кам көрүү үчүн ушул каналдарды сунуштайбыз!
1.2K views17:50
Ашу / Түсініктеме
2021-10-05 09:51:11Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз!

Кечээ абдан сонун сөз уктум, “айрым мугалимдерибиз мактанат - дейт, 35 жылдык тажрыйбам бар - деп, чын эле 35 жылдык тажрыйбабы, же 1 жылдык тажрыйбасын 35 жылдан бери кайталап жаткан тажрыйбабы?” – дегенди угуп абдан ойлонуп калдым.

Урматтуу кесиптештер, убакыт учкан куш. Турбастан учуп жатат, айла жок убакыт өткөн сайын тажрыйбабыз өсүп жатат. Ошол тажрыйбаны жөн гана убакыт менен санабай, биз дагы күн санап өссөк дегим келип жатат.

Урматтуу кесиптештер, урматтуу мугалимдер, түйшүгүңүздөр түмөн экенин абдан жакшы билем, анткени мен дагы 12 жылдан бери мугалиммин. Сиздер тарткан. Сиздер көргөн түйшүктү мен жөн терим менен сезем. Бирок ошентсе дагы, ар бир мугалим, күнүгө жаңы бир нерсе үйрөнүүгө аракет кылса. Күнүгө өсөйүн, күнүгө үйрөнөйүн десе, 35 жыл үйрөнгөн адам эмне деген керемет билимге э болор эле, эмнеге деген гана тажрыйба, эмне деген гана билим!

Урматтуу кесиптештер, дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!
Келиңиздер, мугалим деген ардактуу атка татыктуу бололу!

Турат Алыбаев, Токмок шаары, 5-октябрь, 2021-жыл.
1.4K views06:51
Ашу / Түсініктеме
2021-10-05 08:09:19 https://g.zeos.in/?q=Flutter%20%D0%B4%D0%B5%D0%B3%D0%B5%D0%BD%20%D1%8D%D0%BC%D0%BD%D0%B5%3F
1.3K views05:09
Ашу / Түсініктеме
2021-10-04 20:01:25
Бизде 2-группанын сабактары кызуу жүрүп жатат
1.4K views17:01
Ашу / Түсініктеме
2021-10-04 15:19:37
Салам достор!

Бизде Флаттер боюнча 3-группа ачылганы жатканын жарыя кылганбыз, талап көп болгондуктан ал группабыз деле толуп калды.

Болгону 3 катышуучу алабыз, сабактарды баштайбыз!

Эртең мен дагы катышат элем, кантип жазылсам болот демей жок, элдин балдары качан эле орун алып коюшкан, сиз болсо дагы деле ойлонуп жатасыз, элдин балдары менен бир группада окуп калыңыз эми жок дегенде!

Катышууну каалаган 3 адам, тез + калтырып, жетишип калабыз.

Эскертүү: окуу акысыз эмес, арзан дагы эмес, скидка дагы болбойт, кадимкидей эле баа менен, кадимкидей эле!
1.6K views12:19
Ашу / Түсініктеме
2021-10-03 15:30:26Билимге инвестиция.

Негизи инвестиция дегенди көбүнчө биз чет жактан бирөө жарым барып, бир иш үчүн алып келгени акчаны түшүнөбүз. Көбүнчө кандайдыр бир көлөмдүү пайда алып келе турган ишке, чет өлкөлүк ишкерлер акча беришет. Бул инвестиция.
Кечээ биздин жан дүйнөбүздө төңкөрүш болгон укмуштуудай жаңылык болду.

Биринчиси инвестицияны чет жактан эмес, өлкөбүздүн өз жарандары кылып жатканы абдан кубандырды.

Экинчиси, инвестияция, бизнеске, киреше алып келе турган тармакка эмес, курулуш же кен ишетүү же дагы да башка ушул сыяктуу нерселерге эмес. Билимге инвестиция кылынды.

Khan Academy’нин сайтын кыргызча которуп, Йутуб каналындагы видеолорду Кыргыз тилинде үн коштоп, кыскасы өлкөбүздүн билим берүү тармагына эбегейсиз салым кошуп жаткан “ТекАйым” уюмунун кыздары, “Khan Academy Kyrgyz” деп расмий бир уюмдун ачылышын кылышты.

Өлкөбүздүн мектеп окуучуларынын басымдуу бөлүгү (80%) Кыргыз тилдүү мектептерде окуп билим алышат. Алардын да көпчүлүгү шаар жеринен алыс жайгашкан, айыл аймактарда окушат. Тилекке каршы, биздеги мектептердеги билим берүүнүн абалы мышык ыйлай турган абалда экенин айтпасак деле маалым.

Мектепте атайын предметтик китептерден тышкары кошумча маалымат кайдан табылмак эле. Азыр заман болсо өнүктү, интернеттен издеп окуталы десе, ал жактагы маалыматтардын 59 пайызы англис тилде, 2 пайызга жетпегени орус, 2 пайызга жетпегени түрк, дагы 2 пайызга жетпегени немис тилинде, кыргыз тилиндеги маалыматтарды пайыздын арасынан издебей эле коёлу, табылбайт деле. Анан мугалимдер кайдан маалымат табат, окуучулар кайдан кошумча маалымат таап окуй алат?

Анда англисче окутуш керекпи? Жок ай, анын эмне кереги бар, буюрса жакын арада Кыргыз тилдүү маалыматтар да толугу менен жеткиликтүү болуп калат, анткени кечээ күнү мына ушул багытта укмуштуудай жаңылык болду. Билимге инвестиция кылынды. Мен үчүн өтө чоң суммалар айтылды, бирок жалпы эл үчүн бул өтө кичине гана суммалар, ал жерде менин укканым, чоң эле сумма 300 миң сом деп айтылды. Бул мага же бир жаранга чоң сумма, бирок, өлкөбүздүн келечеги, билим тармагыбыздын алдыга жылуусу үчүн бул түккө арзыбаган аз акча. Бул саамалыкты дагы да арттыруу керек, колубуздан келишинче, бул тармакка көбүрөөк инвестиция кылышыбыз керек. Бул инвестиция бизге киреше алып келбейт, бул инвестиция биздин бизнесибизге түздөн түз пайда алып келбейт, бирок жакшы ишке жардам кылуу Кудай Таалам сүйгөн иш эмеспи, илим жолуна кылынган садака 70 эсе сооптуу деп да уккан элем. Сообу тиет, жакшы ишке салым кылынганы үчүн ишиңизге да береке кирет. Түздөн-түз болбосо да, сөзсүз бир пайдасы тиет.

Кечээги күнү, биздин жан дүйнөбүзгө төңкөрүш кылып, ушундай сонун иштерди элибизге сунуп жаткан Khan Academy Kyrgyz’дын жалпы кыздарына, жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирем. Ылайым билим берүү тармагын алдыга жылдыра бериңиздер. Мектеп мугалимдери үчүн, ата-энелер, окуучулар үчүн дүйнөдө теңдеши жок билим платформасын Кыргыз тилге которуп бергениңиздер үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирем.

Эми болсо биздин милдет, бул сайтты коомчулукка жеткирүү, Йутубдагы видео сабактарын балдарыбызга, бөбөктөрүбүзгө, кошунанын баласына, мектептин мугалимине, байкемдин баласына, тайкемдин баласына деп ар бирине жеткирүү, аларгы кошумча бир билим алуу ресурсун акысыз белек кылуу. Ии баса, бул мектептеги мугалимдерге тоскоолдук жаратпайт, анын окуучусун колунан тартып албайт, болгону гана билимин терендетишине жардамчы болот. Ичи тардыкты токтото туралы. Коркпойлу, алдыга жылалы. Өлкөбүздү илимдүү-билимдүү гана жаштар өнүктүрөт, аны унутпайлы. Өзүбүз да өнүгөлү, өзгөнү да өнүктүрөлү, өстүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүшүнө бардыгыбыз салым кошолу!

Турат Алыбаев, Токмок шаары, 3-октябрь, 2021-жыл.
1.6K views12:30
Ашу / Түсініктеме
2021-10-01 15:00:55

1.7K views12:00
Ашу / Түсініктеме