2022-05-28 19:00:50
Кудайга шүгүр...
Салам урматтуу окурманым, жума күндүн урматына жакшы макаламды жазып отурам.
Бүгүнкү күндүн темасы айтып тургандай, бүгүн турган абалыбызга, тапкан акчабызга, баккан ата-энебизге, жашаган үйүбүзгө, иштеген ишибизге, сөздүн кыскасы абалыбыз кандай болсо, дал ошого шүгүр дейли дегим келип турат.
Ооба, барына да шүгүр, жогуна да шүгүр. Шүгүр десек Кудай Таалам арттырып берет экенин баарыбыз эле билебиз, бирок деген маселе бар бул жерде. Билимиңди арттырайын десең, байлыгыңды арттырайын десең, акчаңды арттырайын десең, ач көздүк кылып жаткандай сезип, “Шүгүр десең боло!” – деп жаман көргөндөр да чыкпай койбойт экен.
Ооба, шүгүр, Кудайыма миң мертебе шүгүр, чексиз шүгүр. Бирок Кудай Таалам шүгүр деген сайын арттырып берет деп жатпайбы, биз эмнеге шүгүр айтабыз, ошол билимим артса экен, билгеним дагы көп болсо экен, алган билимим менен, билген өнөрүм менен, тапкан акчам менен дагы да көп пайдалуу болсом экен деп шүгүр айтабыз да.
Эч нерсе билбеген адам кимге кандай жардам бере алат? Эч нерсеси жок адам кантип садака, зекет берет? Эч нерсем жок кезде деле шүгүр дейт элем, эч нерсе билбеген кезимде деле шүгүр дейт элем, бирок шүгүр деген сөз, өспөй, өнүкпөй, аракет кылбай жата бер деген сөз эмес.
Келиңиз урматтуу окурманым, ой-жүгүртүүбүздү, аң сезимибизди өзгөртөлү, алдыга жылалы, өсөлү, өлкөбүз үчүн, бизди жараткан Кудайыбыз үчүн өлүк адамдан айырмасы жок, өнүгүп-өспөй жата берген адамдын пайдасы жок. Шүгүр дегенде, ошол шүгүр айтып жаткан нерсебизди арттырууну сурап жатканыбызды унутпайлы жана аны дагы көбөйтүп берүүсүн сурагандан коркпойлу. Кудай Тааланын казынасы сизге билим берүүдөн, байлык берүүдөн, сиздеги бардык нерсени азыркыдан миң эсе, млн эсе арттырып берүүдөн азайып калбайт, бир грамм да кемибейт.
Шүгүр кылып, билимибизди, байлыгыбызды арттырууда бир гана максат болушу керек, ал да болсо адамзатка пайдалуу болуу, алган билимибиз, тапкан байлыгыбыз башкалардын керегине жарасын, мусулман адам алып байыбайт, берип байыйт демекчи, берүү үчүн байыганды, берүү үчүн күчтүү болгонду максат кылалы!
Өзүңдү өнүктүр, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кош! Эң бай адам бол, сенин айланаңда сенден көп зекет берген адам калбасын, эң билимдүү бол, сенин айланаңда сен билгенди билген адам калбасын, алган билимиңди айланаңда ким болсо баарына үйрөт, билимсиз адам калбасын!
Турат Алыбаев, Бишкек шаары, жума, 27-май, 2022-жыл
68 views16:00