Get Mystery Box with random crypto!

​ Бул жигитти жакшылап таанып алыңыз Туратбек менин айылда | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Бул жигитти жакшылап таанып алыңыз

Туратбек менин айылдаш иним. Мен бул инимди дайыма колдойм. Бул жигит сизге жакпашы мүмкүн, же сиз бул жигиттин кандайдыр бир кемчилигин билет чыгарсыз, ал жагы мени көп деле кызыктырбайт. Буга 2 себеп бар, биринчиден мен адамдын кемчилигин көрбөгөнгө аракет кылам. Экинчиден, ар бир адам кемчиликтүү, сизде да бар кемчилик, менде да бар, бул жигитте бар, бирок адам башка бир адамды адам катары сыйласа, кемчиликсиз адам жок экенин билсе, анда болбогон бир кемчилиги үчүн башка бирөөнү жаман көрбөйт эле деп ойлойм.

Бул жигитти мен кичине кезинен тааныйм, жаны тынбаган, абдан кыймылдуу бала эле. Карасам азыр деле ошондой экен, бир күнү карасам бир эксперт менен иштешип, аны эл алдына алып чыгып, анын иштерин уюштуруп берип жүргөн болот, бир күнү карасам башка бир эксперт, бир күнү карасам бизнес, бир күнү карасам дагы башка бизнес.
Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет демекчи, Туратбек абдан көп нерсени көрүп, көп нерсени башынан өткөрүп койду.

Эң эле алгач “Бир адамдан бир китеп” долбоору менен иш алып барып, айылыбызга китепкана ачып, жаштарды, айылдын элин ынтымакка чакырууда, айыл жаштарын окууга кызыктырууда абдан жакшы салым кошту. Андан кийин эле, өзү 1-курс эле экенине карабай, “Мираж” китеп дүкөнүн ачып, жөн эле китеп дүкөн кылбастан, ал жерде жаштардын башын бириктирип ар түркүн иш-чараларды өткөрүп, китеп окуй турган шартты түзүп жаштар үчүн, билимге умтулган келечек үчүн сонун иш кылды. Байкашымча ал иши КАРАНТИНдин айынан үзгүлтүккө учурады көрүнөт.

Анан карантинде онлайн иштөө, онлайн окутуу деген маселелер абдан жайылып жатканда, интернет тармагында ансыз да элге билим берип, элге пайдалуу нерселерди жасап жүргөн эксперттердин аудиториясын кеңейтип аларды дагы да өнүгүүгө, өстүрүүгө далай салымдарды кошту, анын ичинде бир канча ирет мага да жакшы шарттарды түзүп берди, дагы да чоңураак аудтория менен таанышып алышыма салым кошту.

Туратбектин ушундай жаны тынбаган, улам жаңы бир идеяны ойлоп таба калган дымактуулугунан жана да кичине кезинен бери тааныган айылдашым болгондугунан сыйлайм, эми азыр да бир жакшы жаңылык менен чыгып жатыптыр, ушунча убакыттан бери топтогон тажрыйбасын пайдаланып, практикада көргөн, өзү башынан өткөргөн иштерин эми эксперт катары башкаларга үйрөтүүгө бел байлап жатыптыр, иниме эмне дейм, бир гана ийгиликтерди каалайм, эгер сиздер даа кызыксаңыздар Туратбек менен бир таанышып, бир байланышып көрүңүздөр!

Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүү сиздин да акыңыз, сиздин да милдетиңиз, сиздин да укугуңуз, кыскасы сиз да өзүңүздү өнүктүрүшүңүз керек. Эркек да, аял да, бала да, кары да өзүн өнүктүрсө, өнүгүүгө ачык болсо, бул өлкө өнүгөт, андыктан өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 4-июнь, 2022-жыл.