Get Mystery Box with random crypto!

​ Бүгүн сиздерге Санира Необистин сонун посттун Кыргызча кото | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

​ Бүгүн сиздерге Санира Необистин сонун посттун Кыргызча которуп чыгарып жатам, окуп, пайда алыңыздар.

Англис тилин үйрөнгүлө. Чын айтам.

Палмда – биздин компанияды кандайдыр бир мини-кризис бар.

Барган сайын биздин өнөктөштөр англисче сүйлөгөн программисттерди гана талап кылып жатат.

Ал эми бизде көптөгөн сонун программисттер бар, англисче жакшы жазышат, көп-көп окушат, түшүнүшөт, бирок сүйлөй алышпайт.

Ошондуктан, программисттерди эркин сүйлөө деңгээлине жете турган абалга алып келиш үчүн кандай кылса болот деген ойго келдим.

Биринчиден, англис тили менен бардык IT адистери үчүн көбүрөөк карьералык мүмкүнчүлүктөр ачыларын түшүнүү керек.

Мисалы, бул дүйнөлүк рынокто, дүйнөнүн ар тарабында иштөө, айлык акынын жогору болушу жана башка каалаган жерге барып иштөө мүмкүнчүлүктөрү.

Кантип англис тилин өнүктүрө аласың?
Канчалык одоно угулбасын, булар онлайн же оффлайн болобу, англисче курстар. Бул жеке сабактар. Бул англис тилинде окуп, кино көрүп, кесиптештер менен баарлашып, көнүгүү жасап, сөздөрдү үйрөнө баштоо менен башталат.

Башка программисттердин тажрыйбасына таянсак, ал болжол менен 3 айга созулушу керек - intermediate деңгээлинен эркин сүйлөөгө чейин.

Ошо... кылгыла...үйрөнгүлө... англис тилиңерди өнүктүргүлө, айланайындар.

Болбосо, алдыга жылууга жардам бере турган сонун долбоор, программа, грант кылсамбы деп азыртадан эле ойлонуп жатам.

Бүгүн да идея келди)) кантип ишке ашырууга болот.. Аракет кылам, балким кийинчерээк айтып берем