Get Mystery Box with random crypto!

Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Telegram арнасының логотипі balatarbia — Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова. Б
Telegram арнасының логотипі balatarbia — Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.
Арна мекенжайы: @balatarbia
Санаттар: Бала күтімі
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 4.54K
Арнадан сипаттама

Бала тарбиялоо - бул өзүңдү тарбиялоо
Бала- Аллахтын бизге берген аманаты

Ratings & Reviews

1.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

2


Соңғы хабарлар 20

2022-05-02 22:59:27 Бир чон кеме кыргынга учурап. Ичиндеги эки жубай сууга секирип, сузушуп жээкке алып чыкчу кайыкка жетишти.
БИРОК ал кайыкка бир гана адам отуруш керек болчу. КҮЙӨӨСҮ ОЗУ КАЙЫККА ЧЫГЫП, АЯЛЫН океандын ОРТОСУНА калып, ӨЛҮП КЕТТИ

Бул окуяны окуучуларына айтып жактан мугалим суроо берди. Аялы куйоосуно акыркы созун айтты, ал эмне деген соз деп ойлойсунар?

- МЕН СЕНИ ЖЕК кором.

- Мен сенин мындай жаман адам экенинди билбей сокур болгон экемин.

Балдардын баары ушуга окшогон жоопту беришти.

Бирок тынч ойлонуп отурган бир окуучу - балабызды жакшы кара - деп айтса керек деди.

Эжекеси тан калып, сен бул окуяны уктун беле деди.

Бала - жок уккан эмесмин, бирок менин апам өлөөр алдында атама ошентип айткан деди.

- Аа тушунуктуу , сен туура таптын деди козуно жаш келип кеткен эжекеси.

Киши уйуно барып, баласын жалгыз чонойтуп журду, аны коргон кошуналары, кемедеги окуяны уккан адамдар баары жек коруп аркасынан соз кылып журушту.
Бала бойго жетип уйдогу китептерди карап атып, атасынын кундолугун таап алды.
Анда апасынын катуу ооруга чалдыгып, врачтардын аз кундук омурунуз калды деп уйуно кайтып келатып ошол кемедеги окуя болгондугу жазылган.

- Апасы , бари бир менин омурум аз калган, сен барып балабызды жакшылап тарбияла деп куйоосун кайыкка отургузган экен.
Мен да ошол жерде апан менен кошо чөккум келген, сен учун уйго кайтып келгемин балам деп жазылган эле.

Ошондуктан бир окуянын туйунун билбей туруп соз кылуудан алыс бололу туугандар.

Азыр адамды сырттынан карап эле тон быччулар кобойуп кетти , жан дуйносуно кирип чыккандай суйлошот, ал учун чечим да чыгарып коюшат АстафирАллах . Куноого батып атканыбызды билбейбизби же билип туруп соз кылабызбы….

#балатарбиясы#тарбия#эжесинди#суйуу#мээрим
1.4K views19:59
Ашу / Түсініктеме
2022-05-02 16:21:20 Электрондук китепчем кандай экен деп элестете албай жатсаңыз .

Бул "пробная версия"


Толук китепчени сатып алуу боюнча алдыда толук маалымат чыгат
1.4K viewsedited  13:21
Ашу / Түсініктеме
2022-05-02 05:28:06
1.5K viewsedited  02:28
Ашу / Түсініктеме
2022-05-01 11:47:29 Эреже боюнча, ар дайым урушту же мушташты биринчи баштаган баланы күноолоп, дайыма- "Сен баштайсын мушташты"- деп кыйкырып урбашыбыз керек. Ал баланыз берки баланызды уруп койсо дагы , бари бир биздин жардамга муктаж болот.

"Эй бала ининди же байкенди урганды токтот" деп айткандан коро “Урушпагыла!”, “Биздин уйдо уруш болбош керек! "Биз тынч жашашыбыз керек!" "Эмне учун урушуп жатасынар" деп суйлошуу менен конфликти чогуу чечиш керек.

Болбосо мушташ баштаган бала озун четтетилген, жаманмын деп эсептейт дагы ушул ролду аткарууну улантуудан башка арга жок деп эсептейт. Анан каерде болбосун дайыма урушту биринчи баштаган адамга айланышы мумкун.

#конфликт#балатарбиясы#атаэне
1.5K views08:47
Ашу / Түсініктеме
2022-05-01 00:08:41
Балаңызга канча жолу жакшы сөзүңүздү айтасыз бир күндө? Мен сени жакшы көрөм, сен менен сыймыктанам ж.б.у.с балага жакшы эмоция берген сөздөр?
Anonymous Poll
55%
1-5 жолу
21%
5-10 жолу
12%
10-20 жолу
5%
20-30 жолу
2%
30-40 жолу
1%
40-50 жолу
1%
50-60 жолу
3%
60-70 жолу
487 voters1.5K views21:08
Ашу / Түсініктеме
2022-05-01 00:05:25
Бир күндө балаңыз менен канча жолу дене байланышы болот( кучакташуу, колдорун кармоо ж.б) б.а физикалык байланыш?
Anonymous Poll
41%
1-5 жолу
26%
5-10 жолу
16%
10-20 жолу
6%
20-30 жолу
4%
30-40 жолу
1%
40-50 жолу
2%
50-60 жолу
4%
60-70 жолу
468 voters1.4K views21:05
Ашу / Түсініктеме
2022-05-01 00:01:46 Ассалому алейкум

Анонимдүү изилдөө

Ким кандай дооп берди биз көрө албайбыз, жөн гана статистика көрүнөт.


Төмөндөгү сурамжылоого чын жооп беришиңиздерди суранам
1.4K viewsedited  21:01
Ашу / Түсініктеме
2022-04-30 10:50:27
1.4K views07:50
Ашу / Түсініктеме
2022-04-30 10:50:10 Тамагыңды ичмейинче дасторкондон чыкпайсың.

Бул соз копчулук апалардын дежурный созуно айланган.
Сиз да уккансызбы же айткансызбы? Комментарийге жаза кетиниз.

Ошо созду угуп чонойгон балдар кафеде буйрутма берген тамактардын баарын тойсо деле , оздорун кыйнап акыркы күкүмүнө чейин жегенге аракет кылат. Анткени антпесе өздөрүн күнөөлүү сезе баштайт.

Мен өзүмө ушунча акча коротуп, анан ушундай калтырып таштап койгонум болбой калбайбы деп натыйжада, ресторандагы жагымдуу эс алууну озун күнөлөө, ашыкча жеген кесим үчүн өзүн жек көрүүнүн аралашмасына айландыргандар жок эмес .

Же болбосо балалыгында тамакты жылуулук жана камкордук менен байланыштыргандар бар. Себеби уйдогулору ынак мамиледе болгон эмес, жакшы кором сени балам деп айтышкан жмес, ошондуктан алар айтышат ата энем мага тамак-аш аркылуу гана кам көрүшкөн деп. Алар “Балам, мен сени тойгузайын", тамак ич, туготпосон турбайсын деген создорду - балам, мен сени сүйөм деп которуп алышкан.

Ошондуктан алар тынчсызданган сайын, кайгырганда, кусалыктан өткөндө, урушканда даамдуу бир нерсе издеп ашканага барып оздорун алаксытышат. Байкасанар озумду суйом деп ресторан, кафелерден тамактанганды адат кылгандар кобойо баштады. Бул чындап дени сак сүйүү эмес.

Ошондуктан азыр биз озубузго болгон суйууну, башкалардын суйуусун, сыйын тамак менен олчоп калдык. Дасторкон жакшы жасалса сыйлуу конок, аа жакшы корот экен деген сыяктуу. Дасторкон начар экен деп таарынып , соз кылып. Курсагыбыз тойгону аздык кылат, козубуз тоюш бизге маанилуу болуп калды окунучтуусу.

Жаныбарлар тойсо барып каамырабай жатып калат экен, арстан ток болсо адам жанына барса деле тийишпегенин угуп тан калдым. А биз адамдар дегеле тойбой койдук го .

Биз жаны муун тарбиялайлы апалар
1.4K viewsedited  07:50
Ашу / Түсініктеме
2022-04-29 09:33:34 Атам эмнеге күйөөм экөөбүздү күтпөй кетип калганын билип ыйладым.Үйгө келсек балам жалгыз отуруптур.

– Таятаң кайда?

– Жаңы эле таксиге салып,жүктөрүн жеткиришип келдим.

– Эмне дейсиң?

– "Таятам айылына кетемин,мени жардамдашып кой дегенинен таксиге салып келдим"- деди мотурайып.

– Атама чалчы?

Күйөөм телефонун издеп калды.Эч нерсе болбой туруп,кечээ эле келген атам эмнеге кетип калат?Бир жума жүрүп,доктуруна
көрүнөм дебеди беле же туура эмес сүйлөп,капа кылып койдукпу,атамы таарынтып алдыкпы?

– Алло! Ата,сизби?

Оoба, кызым, мен, жаңы эле айылга кирдим.

– Жөө басып баратасызбы?

– "Жайытты аралап барайын дедим,Ойлор көп кызым"-деди.

– Ата,эмнеге кетип калдыңыз? Эмнеге айтпай кетесиз? Мен туура эмес бир нерсе кылдымбы ата?

– Жок кызым,сен эмес,мен туура эмес нерсе кылыптырмын,Өз колум менен жасаган кылмышты карап отуруу оор болду.

– Сизди түшүнбөй турам ата?

– Кечээ жумуштан келдиң,Колуңда толтура эки пакет,балаң туруп барып жардамдашкан жок.Сен дагы суранган жоксуң.Жумуштан келип эле кир жууп,бизге тамак жасап баштадың.Күйөөң келди,ал дагы:-Тамак даярбы"- деп сурады дагы, менин жаныма телевизор көргөнү отурду.Сен ары-бери чуркап,кириңди жууп,балаңдын тапшырмасына жардам берип,ал арада күйөөңө сураган алмасын алып келип,кайра мага чай демдеп,кайра шорпоңо картошка аарчып,чуркап жүрдүң.

Бул арада күйөөң дагы,балаң дагы сага жардамдашпады,Сен дагы суранбадың.Баары ушундай болушу керек деген маанайда жүрдүң. Анткени,кичинеңде ушундай көрүнүштү көргөнсүң.Ооба,бул жерде мен күнөөлүмүн,Апаңа жардам берип,үй-бүлө деген кандай болушу керектигин көрсөтпөдүм. Кудум апаңдай бүт жүктү өз мойнуңа көтөрүп бой жеттиң.Менин апаңа жардам берип жатканымды көрбөдүң,анан бул нерсени норма катары кабыл алдың,кызым.Ал эми күйөөңө дагы ата-энеси аялына жардам берүү керек экениндигин айтпаптыр.Мени кечир кызым,апаң азыр үйдө жалгыз калган,Ага барып жардам берейин,катамды оңдоюн.Силер болсо балаңарга туура үлгү көрсөткүлө,сөз менен айтпагыла,иш жүзүндө көрсөткүлө,сени секетим деп эркелетип,жөн карап отура албадым.Анткени сенин жүрүм-турумуң менин катам эле,ошого баса бердим.Балким,кийин барганда баары башкача болот буюрса.Кызым,үй иштери бөлүнбөйт,Аны баары жасайт.Атаңды кечир кызым деп коштоштук.
Телефон “громкосто” эле. Күйөөм баарын угуп турду. Мен ыйлап отурдум,балам чуркап келип карап туруп калды,Күйөөм балама карап:-“Тур картошка аарчы балам,кечкиге тамак жасайлы”- деп,кухняга кирип кетишти.Мен телефонду кучактаган боюнча ыйлап отурдум.
Мына туугандар бала тарбиясы.Балдарды эмес биринчи өзүбүздү тарбиялайлы,балдарыбыз бизди көрүп тарбия алышат,уяда эмнени көрүшсө,учканда ошону жасашат.Бекеринен сүннөт болуп калган эместир,бул деген Пайгамбарыбыз(саллалоху алейхи васалламдын)сүннөтү,үй иштерине,аялдарыбызга,апаларыбызга жардам берип,жашоону жеңилдетейли,Орозобуз кабыл болсун.
2.1K views06:33
Ашу / Түсініктеме