Get Mystery Box with random crypto!

Тамагыңды ичмейинче дасторкондон чыкпайсың. Бул соз копчулу | Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Тамагыңды ичмейинче дасторкондон чыкпайсың.

Бул соз копчулук апалардын дежурный созуно айланган.
Сиз да уккансызбы же айткансызбы? Комментарийге жаза кетиниз.

Ошо созду угуп чонойгон балдар кафеде буйрутма берген тамактардын баарын тойсо деле , оздорун кыйнап акыркы күкүмүнө чейин жегенге аракет кылат. Анткени антпесе өздөрүн күнөөлүү сезе баштайт.

Мен өзүмө ушунча акча коротуп, анан ушундай калтырып таштап койгонум болбой калбайбы деп натыйжада, ресторандагы жагымдуу эс алууну озун күнөлөө, ашыкча жеген кесим үчүн өзүн жек көрүүнүн аралашмасына айландыргандар жок эмес .

Же болбосо балалыгында тамакты жылуулук жана камкордук менен байланыштыргандар бар. Себеби уйдогулору ынак мамиледе болгон эмес, жакшы кором сени балам деп айтышкан жмес, ошондуктан алар айтышат ата энем мага тамак-аш аркылуу гана кам көрүшкөн деп. Алар “Балам, мен сени тойгузайын", тамак ич, туготпосон турбайсын деген создорду - балам, мен сени сүйөм деп которуп алышкан.

Ошондуктан алар тынчсызданган сайын, кайгырганда, кусалыктан өткөндө, урушканда даамдуу бир нерсе издеп ашканага барып оздорун алаксытышат. Байкасанар озумду суйом деп ресторан, кафелерден тамактанганды адат кылгандар кобойо баштады. Бул чындап дени сак сүйүү эмес.

Ошондуктан азыр биз озубузго болгон суйууну, башкалардын суйуусун, сыйын тамак менен олчоп калдык. Дасторкон жакшы жасалса сыйлуу конок, аа жакшы корот экен деген сыяктуу. Дасторкон начар экен деп таарынып , соз кылып. Курсагыбыз тойгону аздык кылат, козубуз тоюш бизге маанилуу болуп калды окунучтуусу.

Жаныбарлар тойсо барып каамырабай жатып калат экен, арстан ток болсо адам жанына барса деле тийишпегенин угуп тан калдым. А биз адамдар дегеле тойбой койдук го .

Биз жаны муун тарбиялайлы апалар