2022-05-05 19:02:29
Саламатсызбы көйгөйлүү айымдарга көңүл тартуулаган жүрөгү таза Рано айым.
Сизге Аллах ыраазы болсун.
Бизге кылган жакшылыктарынызды сооптору эселеп кайтсын.
Мен сиздин кеңешиңизге аябай муктажмын.
Эжем баласын (Арашан теологиялык фак 1-курс студент) кышкы каникулда силедикинде жүрүп турсун дегенинен үйдө жүргөн.
Мен бир күнү конокко жөнөп, 6жашар кызымды 3жашар уулумду ошол иниме калтырып кетсем.
Оңбогур бала кызыма сексуалдык ыдык көрсөтүп оозунан мойнунан өпкүлөп ал жак бул жактарын кармалаптыр
Дагы бактыма кичинекей уулум ойгонуп кетип ыйлап калып, ошону уруп чымчып убакыт өтүп кетиптир.
Бул окуяны кызым март айында айтып жүрөгүмдү жарып азыркыга чейин өзүмдү жемелеп бүтпөй келем.
Өзүмдүн үстүмөн иштеп проработка жасап аракет кылып жатам кызым экөөбүз тең унутулуп аракет кылып.
Бирок унуталбай кыйналып жатабыз
Кызым өткөндө көчөдө эки жаш баланы обуштурцп ойготуп жатыптыр.
Ошол окуяннын таасири кетпес болду
Эмне кыларымды билбей үмүт менен сизге кайрылып жатам.
Сизди мага Аллах жибергенин билем.
Себеби ошончо катышуучунун арасынан мен жеңүүчү болгомун.
Сизге рахмат . Жараткан жакшылыктарын аябасын сизден, өмүрүңүзду узаак жана берекелүү кылган болсун.
11 views16:02