2022-05-29 16:18:08
Мээримге тойбой калган балдар.
Башкаларга ишенимдин жоктугу. Элден куноолууну же айла издебеш үчүн бала кичинесинен эле позитивдүү жана салмактуу жакындарынын курчоосунда болушу керек.
Үй-бүлөдө чыр-чатактар, таарынычтар, мамилелерди тактоо норма болсо, бул баланы коркутат, кыжаалат кылат .
Кийинчерээк, жаштыгы чыр чатак менен өткөн балдар, алардын өмүр жолунда жолуккан ар бир адамдан жакшылык күтүшөт.
Жаңылып калуудан, ката кетируудон коркушат.
Мээримдүү ата-эне баласын дайыма мотивациялап, мактап, дагы көп нерсеге жетишүүгө үндөп турат.
Мээримге тойбогон балдар бул нерседен куру калышат. Кийинчерээк, бойго жеткенде, алар өздөрүнүн кемчилигин эле сезе беришет : алар туура эмес иш кылуудан коркушат.
Натыйжада, алар жылбай бир ордунда туруп калат дагы табиятынан берилген онорду, мүнөздүү потенциалды ишке ашыра алышпай калышат.
Жеке жашоону курууга жөндөмсүз.
Сүйүү эмне экенин толук түшүнбогон бала инстинктиви менен өзүнө бир кездеги ата-энесиндей сүйбөгөн түгөйдү тандайт.
Кийинчерээк, убакыт откон сайын мындай адамдар моралдык жактан чарчап , оздорун уулаган мамилелерден чыгалбай , жабырлануучу болуп жабыркайт.
Психикалык көйгөйлөр пайда болот. Ата-эненин көңүл коштугу назик баланын психикасына терс таасирин тийгизет. Ошондуктан оздору кийин балдарын ура турган болушат.
Чоңойгондо, мээримге тойбогон бала көбүнчө тынчсыздануу, паника чабуулдарынан жабыркайт жана депрессияга жакын болот.
Ашыкча сезгичтик, сезимтал болгондугу да ошондон.
Айланадагылардын сөздөрү, кылыктары аларды көбүрөөк жаралайт.
Алар үчүн бардыгын жүрөгүнө жакын кабыл албоо кыйын: ичинде дайыма четке кагылып калуу, таштап кетүү, туура эмес түшүнүп калсачы деген коркунучу бар.
Бул тизмеден озунузду таптынызбы? Жаза кетиниз.
#мээрим#мээримгетойбогонбалдар#тарбия#атаэне#энебала#балатарбиясы#
612 views13:18