Get Mystery Box with random crypto!

Атам эмнеге күйөөм экөөбүздү күтпөй кетип калганын билип ыйлад | Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Атам эмнеге күйөөм экөөбүздү күтпөй кетип калганын билип ыйладым.Үйгө келсек балам жалгыз отуруптур.

– Таятаң кайда?

– Жаңы эле таксиге салып,жүктөрүн жеткиришип келдим.

– Эмне дейсиң?

– "Таятам айылына кетемин,мени жардамдашып кой дегенинен таксиге салып келдим"- деди мотурайып.

– Атама чалчы?

Күйөөм телефонун издеп калды.Эч нерсе болбой туруп,кечээ эле келген атам эмнеге кетип калат?Бир жума жүрүп,доктуруна
көрүнөм дебеди беле же туура эмес сүйлөп,капа кылып койдукпу,атамы таарынтып алдыкпы?

– Алло! Ата,сизби?

Оoба, кызым, мен, жаңы эле айылга кирдим.

– Жөө басып баратасызбы?

– "Жайытты аралап барайын дедим,Ойлор көп кызым"-деди.

– Ата,эмнеге кетип калдыңыз? Эмнеге айтпай кетесиз? Мен туура эмес бир нерсе кылдымбы ата?

– Жок кызым,сен эмес,мен туура эмес нерсе кылыптырмын,Өз колум менен жасаган кылмышты карап отуруу оор болду.

– Сизди түшүнбөй турам ата?

– Кечээ жумуштан келдиң,Колуңда толтура эки пакет,балаң туруп барып жардамдашкан жок.Сен дагы суранган жоксуң.Жумуштан келип эле кир жууп,бизге тамак жасап баштадың.Күйөөң келди,ал дагы:-Тамак даярбы"- деп сурады дагы, менин жаныма телевизор көргөнү отурду.Сен ары-бери чуркап,кириңди жууп,балаңдын тапшырмасына жардам берип,ал арада күйөөңө сураган алмасын алып келип,кайра мага чай демдеп,кайра шорпоңо картошка аарчып,чуркап жүрдүң.

Бул арада күйөөң дагы,балаң дагы сага жардамдашпады,Сен дагы суранбадың.Баары ушундай болушу керек деген маанайда жүрдүң. Анткени,кичинеңде ушундай көрүнүштү көргөнсүң.Ооба,бул жерде мен күнөөлүмүн,Апаңа жардам берип,үй-бүлө деген кандай болушу керектигин көрсөтпөдүм. Кудум апаңдай бүт жүктү өз мойнуңа көтөрүп бой жеттиң.Менин апаңа жардам берип жатканымды көрбөдүң,анан бул нерсени норма катары кабыл алдың,кызым.Ал эми күйөөңө дагы ата-энеси аялына жардам берүү керек экениндигин айтпаптыр.Мени кечир кызым,апаң азыр үйдө жалгыз калган,Ага барып жардам берейин,катамды оңдоюн.Силер болсо балаңарга туура үлгү көрсөткүлө,сөз менен айтпагыла,иш жүзүндө көрсөткүлө,сени секетим деп эркелетип,жөн карап отура албадым.Анткени сенин жүрүм-турумуң менин катам эле,ошого баса бердим.Балким,кийин барганда баары башкача болот буюрса.Кызым,үй иштери бөлүнбөйт,Аны баары жасайт.Атаңды кечир кызым деп коштоштук.
Телефон “громкосто” эле. Күйөөм баарын угуп турду. Мен ыйлап отурдум,балам чуркап келип карап туруп калды,Күйөөм балама карап:-“Тур картошка аарчы балам,кечкиге тамак жасайлы”- деп,кухняга кирип кетишти.Мен телефонду кучактаган боюнча ыйлап отурдум.
Мына туугандар бала тарбиясы.Балдарды эмес биринчи өзүбүздү тарбиялайлы,балдарыбыз бизди көрүп тарбия алышат,уяда эмнени көрүшсө,учканда ошону жасашат.Бекеринен сүннөт болуп калган эместир,бул деген Пайгамбарыбыз(саллалоху алейхи васалламдын)сүннөтү,үй иштерине,аялдарыбызга,апаларыбызга жардам берип,жашоону жеңилдетейли,Орозобуз кабыл болсун.