Get Mystery Box with random crypto!

Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Telegram арнасының логотипі balatarbia — Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова. Б
Telegram арнасының логотипі balatarbia — Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.
Арна мекенжайы: @balatarbia
Санаттар: Бала күтімі
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 4.54K
Арнадан сипаттама

Бала тарбиялоо - бул өзүңдү тарбиялоо
Бала- Аллахтын бизге берген аманаты

Ratings & Reviews

1.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

2


Соңғы хабарлар 14

2022-05-25 08:41:37 -Эркекти тарбиялоо жолдору коп негизи, ошолордун бирин жаза кетейин.

-Эркек балдар ар тараптуу өнүгүүсү керек, ата-энелеринин коз карашы боюнча "коркунучтуу" нерселерге кызыкса эч нерсе болбойт. Эркектер өз күчүн ар кандай багытта сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк болгондо өздөрүн табышат.

Ошо коркунучтуу нерсе эмне болушу мумкун, ата энелердин коз карашында: электрик ( ток тартат), шофер ( авария болосун), хирург( канды коргонго журогун чыдабайт же мерез болуп каласын) , молдо ( терорист болуп кетпесин), мугалим( эркек мугалим болчу беле, айлыгы аз), летчик ( сен учуп конгуча журогум жарылат ), боксер ( травма аласын), футболист( оюндун тубуно жетпейсин, каери бизден кучтуу футболист чыкчу эле), улакчы( кокуй аттан жыгыласын, тынч отур), бизнесмен ( акчан кобойсо тоноп кетишет, эл катары эле журчу) ж.б.у.с.

-Эгерде ата-эне ушинтип баланын кызыкчылыктарын басса, алар уулун жөн эле "сындырып" алышат.
Бала өзүнө гана эмес, аны курчап турган бүт дүйнөгө нааразы болот.

-Албетте, бул баланын, өзгөчө өспүрүмдүн толук эркиндигине үндөп, анын ар кандай кооптуу кырдаалдарга аралашуусуна шарт түзүү керек дегенди билдирбейт, жөн гана аны өз аракетине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, уюшкандыкка үйрөтүү керек.

Жана ошондой эле аракеттер уюшкандыкта жана дисциплинада болууга тийиш.

Сиздерден лайк кутом апалар
731 views05:41
Ашу / Түсініктеме
2022-05-25 08:40:23
713 views05:40
Ашу / Түсініктеме
2022-05-24 08:49:58 https://vt.tiktok.com/ZSd4JpCG2/?k=1
484 views05:49
Ашу / Түсініктеме
2022-05-23 17:44:17 Уландысы :

Ооба, мен дагы бул үчүн акылдуу эмесмин, бирок чыдаганга уйронуп келе жатам.
Бирок жашоо мен үчүн баарын жасады: биздин эки балабыз бар, алардын жардамысыз мен иш кылбайм. Ооба, алар мага жардамдашып жумуш кылып жатканда, мен бир эмес, бир флакон валерианы ичким келет, бирок башка жол жок чыдашка туура келет.

- Апа, болобу?

- Ооба болот!

Мен болот дегенде кандай гана жаркырап кубанып жумуш кылышат. Алар чоң кишилердей озун сезип, жоопкерчилик алышат!

Мен уруксат бергенден кийин балам чон адамдай кийимин утуктой баштады. Анан ал шнурках койноктун тешигин күйгүзөт. А мен... жарылып кете жаздадым жана андан үтүктү жулуп алгым келди.... бирок апамдын сөзү эсимде: « Ээх Сенин балалыгынды кайтарып алсамчы, сени кубаламак эмесмин, мактамакмын!» .. Ал эми кайненемин : “Мактоо керек! Ыйлагың келсе да,колунан ишти жулуп алба!”- деген создору мени дайым урушуудан токтотот.
407 viewsedited  14:44
Ашу / Түсініктеме
2022-05-23 13:05:27 Ойлонуп корсом ата-энеме кызматым менен жакшы деле жардам берген эмесмин. Эмне учун деп ойлонуп отуруп себебин таптым десенер.
Тагыраагы, бир жолу, кичинемде аракет кылгам, бирок аларга жакпай калды. Кол аарчыны таза жууп, казанды жууганым, ашкананын терезелерин «жаркырап» сүрткөнүм жакпады.
«Кечээ гана мен баарын жуудум эле , - апам ачуу үшкүрүнуп, мени жаман көзү менен карады - эми баары кайра кебетеси келишиптир! Сен ойногонуң эле жакшы., эч нерсе кылбай эле койчу "
Мага жалтырап корунгон нерселер , апама булганган көрүндү. ( Ал мезгилде чала кылганымы, чонойгондо тушундум, кичиненде кыйраттым деп ойлойсун да)

Идиштерди муздак суу менен жуусам жакчу эмес, майлуу болуп калыптыр деп.

"Кет, мен өзүм жууймун" деп апам мени эшикке түртчу. Аны менен пельмен жасап отуруп, камырды туура эмес кармаганым , жай кыймылым жакпады. — Аралашпа! Чыкчы эшикке - деп айтчу.

Жок, апам мени таарынткысы келген эмес. Баарын тезирээк жасап, бутуруп, мени менен сейилдеп, ойногусу келген. Анын дагы кыла турган иштери коп болчу!
Мени кубалай берген создорунон мен кийлигишкенди токтоттум.
Мен үйдүн ичинде, сыртында эч нерсе кыла албай калдым.

Апам мен бойго жеткенден кийин «Эгер мен мурунку кундорду баарын кайтарып алсам, сени жумшамакмын,- деп айткан.

Негизи тамак жасаганды турмушка чыккандан кийин үйрөнгөм.
Досторумдун бирине күйөөм укпасын деп телефон чалып, шыбырап сураганым эстен кетпейт: « Досум, шорпону кантип бышырышты айтып берчи.

Айылда, көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон кайненемдин мага айтканы да эсимде: “Балдар тоскоолдук кылса да, дайыма жардам беришсин. Жана мактоолор сөзсүз болсун. Алардын жардамынан ыйлагың келсе да унчукпа!”

Кайненемдин неберелери жардам бергенде кантип мактаганын көрдүм. Дасторкон, ашкана, пардалар баары ун болуп калыптыр, жер булганган, ошондо да мактап атканын кордум.

«Мына, муну карачы, аны өзү бышырыптыр», - деп экинчи балам жасады деп мага бир формасыз нерсени көрсөттү. Анан небересинин көзүнчө сүйүнүп, мактап жеди. Баарын жеп салды!
Анан мен аны коркуп карап: Ууланып калбайбы?- деп ойлонуп да кеттим.


Чайга өздөрү дасторкон жайып, тарелкаларга кыям, салат куюп жатышканда дагы мактады.
Анан отургучка отуруп, жаңы юбкасынын жабышып калганын түшүндү.
Ал эми варенье бул отургучта гана эмес, полдо да толтура болчу. Төгүп куюшкан болчу да.
Ошондо да, -балдарым азамат, мага даамдуу чай беришти - деп мактады.

- Дагы варенье алсам болобу?

- Болот! Энеке дешип кубанып, дароо жарым банканы дасторконго жылдырышты.

Чоң энесине айылдагы отоо чөптөрдү чабууга жардам бергени барып, кулпунайдын жарымын чап салганда дагы аларды мактап жатты.

– Кандай жакшы жигиттер, – деди ал байкатпай көз жашын сүртүп. - Жалтыратып койдунар, бир тал чөп жок.

Неберелери абдан кубанышты... Кандай бактылуу болушту! Жана алар канчалык мактаган сайын, ошончолук жардам бергиси келип атышты. Неберелери : «Энеке, мен дагы дагы эмне кылайын, айт ?» деп кыйкырып жатышты.
Анан энеси да бактылуу жылмайып турду. .

Балдарым таенесине (апама) барганда чүчпара жасаганды жакшы көрүшөт.

Ал эми апам мурункудай кубалабайт. Кыздар камырды бузуп коёт деп ойлобойт. Бул нерсе балким, жашы менен келеттир.

Ойлонуп жыйынтык чыгарыныздар. Себеби Ар бир эне озу билет.
299 views10:05
Ашу / Түсініктеме
2022-05-22 12:37:11 Азыркы ата-энелер балдары менен көп убакыт өткөрө алышпайт. Ишке барышат, уйго келип уй жумуштарынан бошобойт, арасында телефон чукулап убакыт отуп кетет, балдарга убакыт калбай калып атат. Балага жакшы конул болунбой атат деп дешип , ошону ата эне материалдык нерселер менен жоюуга аракет кылышат: жаңы кроссовкалар, планшеттер, оюнчуктар ж.б.у.с. Ошентип балада кыжырдануу, ынжыктап, ар кандай каприздер, ыйлап,ачуулануу, тил албоо, жаман муноздору пайда боло баштайт Чындыгында, бул сүйүү(мээрим)үчүн жана мага конул болгуло деген кыйкырык, анын билдирүү талабы.

бала алып бер деген нерсесин алып бербей койсонор мени жаман коруп калышты деп ойлой баштайт. Сүйүү жана кам көрүү түшүнүктөрүн материалдык нерселер менен алмаштырбаңыз же чаташтырбаңыз.
Напсинин сезимдерин жана муктаждыктарын ажырата билиниз.

#тарбия#бала#кичинекей#атаэне#балатарбиялоо#
542 views09:37
Ашу / Түсініктеме
2022-05-22 12:30:01
550 views09:30
Ашу / Түсініктеме
2022-05-22 12:29:52
549 views09:29
Ашу / Түсініктеме
2022-05-19 10:56:58 https://vt.tiktok.com/ZSdQbfCvu/?k=1
295 views07:56
Ашу / Түсініктеме